Загрузка документа…
ЖАНЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН
ТОКТОМУ
Жаны-Арык айылдык Кенешинин XXVIII-чакырылышынын IX-кезексиз сессиясы
2022-жылдын 4-октябры № 15/6
Жол алыс болуп жаш балдардын бала бакчага келүүсүнө кыйынчылык жаралгандан улам, Жаӊы-Арык айыл аймагынын Кара-Шаар жаӊы конушундагы айыл тургуну Б.Ш.Жапаровдун бардык шарты менен бала бакчага ылайыкталып салынган жеке менчик турак үйүнө бала бакча уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун карап, депутаттардын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Жаны-Арык айылдык кеӊеши, токтом кылат:
1. Жол алыс болуп жаш балдардын бала бакчага келүүсүнө кыйынчылык жаралгандан улам, Жаӊы-Арык айыл аймагынын Кара-Шаар жаӊы конушундагы Супатай уулу Балбак көчөсүндөгү айыл тургуну Б.Ш.Жапаровдун бардык шарты менен бала бакчага ылайыкталып салынган жеке менчик турак үйүнө бала бакча уюштурулсун;
2. Бул жеке үй айыл аймагынын тургуну Жапаров Бектур Шайлообекович тарабынан бала бакча катары пайдаланууга өз эрки менен эч кандай аренда акы албай жана айыл өкмөтү менен эки тараптуу келишимдин негизинде 10 жылдык мөөнөткө берилип жаткандыгы эске алынсын. Бул убакыттын ичинде жеке турак үйдү менчик ээси жана анын жакын адамдары тарабынан кайра өздөрүнө кайтарып албай тургандыгы белгиленсин;
3. Айыл аймагынын тургуну Жапаров Бектур Шайлообекович менен эки тараптуу келишимдин долбоорун даярдалсын жана келишимге бардык шарттар, эки тараптын жоопкерчилиги жана милдеттери камтылсын;
4. Жаӊы ачылуучу бала бакчанын штаттык бирдиктерин чечип берүү жагы Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын;
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Карымшаковго милдеттендирилсин.
Төрайым: | М. Акматалиева |