Загрузка документа…
ЖАНЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН
ТОКТОМУ
Жаны-Арык айылдык Кенешинин XXVIII-чакырылышынын IX-кезексиз сессиясы
2022-жылдын 4-октябры № 15/7
Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021-жылдагы кирешеден ашкан суммасынан “Базар-Турук” БДРнин курулушунун проекттик-сметалык документациясын даядоо боюнча Жумгал өнүктүрүү фондуна сунушталган долбоордун өздүк салымы үчүн дагы кошумча акча каражатын чечип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021-жылдагы кирешеден ашкан суммасынан “Базар-Турук” БДРнин курулушунун проекттик-сметалык документациясын даядоо боюнча Жумгал өнүктүрүү фондуна сунушталган долбоордун сметасына өзгөртүү киргендигине байланыштуу өздүк салым үчүн дагы кошумча акча каражатын чечип берүү жөнүндө, Жаны-Арык айылдык кеӊеши, токтом кылат:
1. Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021-жылдагы кирешеден ашкан суммасынан 3111 беренеси боюнча “Базар-Турук” БДРнин курулушунун проекттик-сметалык документациясын даярдоо боюнча Жумгал өнүктүрүү фондуна сунушталган долбоордун сметасына өзгөртүү киргендигине байланыштуу 684000 сом акча каражатына кошумча дагы 166000 сом акча каражаты чечилип берилсин жана долбоордун өздүк салым үчүн жалпы суммасы 850000 сом болгондугу белгиленсин;
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Карымшаковго милдеттендирилсин.
Төрайым: | М. Акматалиева |