Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын VII сессиясы
2025-жылдын 31-марты № 2
Нарын облустук Тенир тоо өнүктүрүү фондунан каржылануучу долбоолорго макулдук берүү жөнүндө
Чаек айыл өкмөтүнүн кайрылуусу боюнча Нарын облустук Тенир тоо өнүктүрүү фондунан каржылануучу долбоолорго макулдук берүү жөнүндө угуп жана талкуулап Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. Чаек айыл өкмөтүнүн кайрылуусу боюнча Нарын облустук Тенир тоо өнүктүрүү фондунан каржылануучу долбоолорго- Чаек айыл өкмөтүнүн аймагына расколдорду жана “Беккари” чуңкурчаларын салуу долбоорлоруна макулдук берилсин.
2. Жогоруда сунушталган долбоорлордун өздүк салымы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржылансын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго жүктөлсүн.
Төрага | А. Муталиев |