Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 18-апрели № 77
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 5, 398-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берененин 1-бөлүгүндө:
а) төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:
"31) бюджеттик колдоо - эл аралык финансы институттарынан жана донор өлкөлөрдөн тартылуучу каражаттар;";
б) 6-пунктта "квартал боюнча бөлүштүрүү менен" деген сөздөр алып салынсын;
в) 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) бюджеттик милдеттенме - бюджеттик каражаттарды алуучунун бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актыларга, макулдашууга (келишимге, контрактка) ылайык белгилүү милдеттерди аткарууну камсыз кылуу милдеттенмеси;";
г) 9-пунктта "акча каражаттары" деген сөздөр "акча каражаттарынын чектик көлөмдөрү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
д) 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10) бюджеттик насыя - ушул Кодекстин ченемдерине ылайык кайтарымдуулук, мөөнөттүүлүк жана акы төлөөчүлүк шарттарында юридикалык жана жеке жактарга бөлүнүп берилүүчү акча каражаттары;";
е) 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13) мамлекеттик кепилдик - Министрлер Кабинетинин зайымчы мамлекеттик кепилдик жөнүндө макулдашуунун шарттарын аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган учурда карызды толук же жарым-жартылай тындырууга чет өлкөлүк насыя берүүчүнүн алдындагы белгилүү датага милдеттенмеси;";
ж) 31-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
з) төмөнкүдөй мазмундагы 321-пункт менен толукталсын:
"321) топтолгон каржылык резервдер - теңдештүүлүктү камсыз кылуу жана жыл ичинде күтүлбөгөн чыгашаларды жабуу үчүн республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүндө каралган каражаттар;";
и) төмөнкүдөй мазмундагы 341-пункт менен толукталсын:
"341) республикалык бюджеттин негизги параметрлери - республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда каралган жыйынды кирешелер жана жыйынды чыгашалар боюнча суммалар, республикалык бюджеттин дефицити/профицити;";
к) төмөнкүдөй мазмундагы 371-пункт менен толукталсын:
"371) кепилчилик - Министрлер Кабинети тарабынан кепилчилик берүүгө ыйгарым укуктуу жак тарабынан берилүүчү каржылык насыялык, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдардын алдындагы улуттук экономика субъекттеринин милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылуу механизми;";
л) мамлекеттик тилдеги 45-пунктта "киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен," деген сөздөр алып салынсын;
2) 4-берененин 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 6-берененин 9-бөлүгү расмий тилдеги "предусмотренных" деген сөздөн кийин "общих" деген сөз менен толукталсын;
4) 14-беренеде:
а) аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "14-берене. Мамлекеттик башкаруу секторунун консолидацияланган бюджети";
б) 3-бөлүктө "секторунун бюджетин" деген сөздөр "секторунун консолидацияланган бюджетин" деген сөздөргө алмаштырылсын";
5) 15-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15-берене. Өзгөчө мамлекеттик бюджет
1. Өзгөчө мамлекеттик бюджет Кыргыз Республикасынын аймагына өзгөчө же аскердик абал киргизилгенде мамлекеттик бюджеттин негизинде түзүлөт.
2. Министрлер Кабинети өзгөчө же аскердик абалды киргизүүгө байланышкан маселелерди ыкчам чечүү максатында:
1) бюджеттин кошумча ресурстарын пайдаланат;
2) башкы тескөөчүлөрдүн ортосунда чыгашаларды кайра бөлүштүрөт;
3) республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын жүзөгө ашырууга чектөөлөрдү киргизет;
4) жергиликтүү бюджеттердин каражаттарын пайдаланат.
3. Ресурстарга жана чыгашаларга киргизилген өзгөртүүлөр менен өзгөчө мамлекеттик бюджет Министрлер Кабинети тарабынан Жогорку Кеңешке киргизилет.
4. Өзгөчө мамлекеттик бюджет Жогорку Кеңеш тарабынан ушул Кодекстин 100-беренесине ылайык биринчи кезектеги тартипте каралат жана бекитилет.
5. Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө же аскердик абалдын токтотулушу менен республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди тактоо жүргүзүлөт.";
6) 18-берене төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:
"11. Республикалык бюджеттин кирешелеринде Министрлер Кабинетинин өзүнчө чечимдерине ылайык республикалык бюджеттин салыктык эмес кирешелеринин эсебине түшкөн каржылык эмес активдердин наркы эсепке алынат.";
7) 21-берене төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:
"11. Республикалык бюджеттин чыгашаларында Министрлер Кабинетинин өзүнчө чечимдерине ылайык республикалык бюджеттин салыктык эмес кирешелеринин эсебине түшкөн каржылык эмес активдердин наркы эсепке алынат.";
8) 22-беренеде:
а) 5-бөлүктө "- юридикалык жактарга" деген сөздөр алып салынсын;
б) 8-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Башка чыгашалар - төмөнкүлөргө зарыл болгон чыгашалар:
1) стипендияларды төлөөгө;
2) сот органдарынын чечимдерине ылайык мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзамсыз аракеттери (аракетсиздиги) менен келтирилген зыяндын ордун толтурууга;
3) Мамлекеттик бюджеттик резервди жана ушул Кодексте белгиленген башка резервдик фонддорду түзүүгө;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин фондун түзүүгө;
5) Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондуна чыгаша бөлүгү аркылуу каражаттарды которууга;
6) топтолгон каржылык резервдерди түзүүгө.";
9) 241-беренеде:
а) 2-бөлүктүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) республикалык бюджеттин бекитилген/такталган жалпы чыгашаларынын 1 пайызынан ашпаган бюджеттик каражаттар (Президенттин фондунун суммасын эсепке албаганда);";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"6. Эгерде такталган республикалык бюджетте жалпы чыгашалардын суммасы бекитилген республикалык бюджеттегиден төмөн болсо, анда Президенттин фондунун көлөмүн эсептөө бекитилген республикалык бюджеттин көрсөткүчтөрүнүн негизинде жүргүзүлөт.";
10) 25-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Жогорку Кеңештин Төрагасынын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын резервдик фонддорунун өлчөмү бекитилген/такталган республикалык бюджеттин жалпы чыгашаларынын ар бир резервдик фонд боюнча 0,02 пайызынан ашпайт (резервдик фонддун суммасын эсепке албаганда).
Эгерде такталган республикалык бюджетте жалпы чыгашалардын суммасы бекитилген республикалык бюджеттегиден төмөн болсо, анда Жогорку Кеңештин Төрагасынын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын резервдик фонддорунун көлөмүн эсептөө бекитилген республикалык бюджеттин көрсөткүчтөрүнүн негизинде жүргүзүлөт.
Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын резервдик фонддорунун өлчөмү республикалык бюджет жөнүндө тиешелүү мыйзам менен бекитилет.";
11) 27-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Бюджеттин дефицитин жабуунун булактарынын курамына/профицитин пайдалануунун багыттарына төмөнкүлөр кирет:
1) каржылык активдер менен операциялардан түшүүлөр менен операцияларды жүзөгө ашырууга кеткен чыгашалардын ортосундагы айырма;
2) милдеттенмелерди кабыл алуудан түшүүлөр менен милдеттенмелердин негизги бөлүгүн жабуу үчүн чыгашалардын ортосундагы айырма;
3) Бирдиктүү казыналык эсептеги каражаттардын калдыктары;
4) бюджеттин дефицитин жабуунун башка булактары/профицитин пайдалануунун багыттары.";
12) 28-берене төмөнкүдөй мазмундагы 31-бөлүк менен толукталсын:
"31. Бюджеттик колдоо тиешелүү программалардын алкагында социалдык-экономикалык натыйжаларга жетишүүгө багытталат.";
13) 29-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 1-пункту "реконструкциялоо" деген сөздөн кийин ", капиталдык оңдоо" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-бөлүктүн экинчи абзацы "курулуш" деген сөздөн кийин ", капиталдык оңдоо" деген сөздөр менен толукталсын;
14) 31-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"31-берене. Бюджеттик насыялоо
1. Бюджеттик насыялар республикалык бюджеттин, жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан жана Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу башка булактардан (мындан ары - башка булактар) бөлүнөт.
2. Бюджеттик насыяларды берүүнүн, кайра түзүмдөштүрүүнүн, кайтарып берүүнүн жана эсептен чыгаруунун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
3. Бюджеттик насыяларды кайра түзүмдөштүрүү Жогорку Кеңештин тармактык комитети менен макулдашуу боюнча Министрлер Кабинети тарабынан жүзөгө ашырылат.
4. Республикалык бюджеттен жана башка булактардан бюджеттик насыяларды эсептен чыгаруу Жогорку Кеңеш менен макулдашуу боюнча Министрлер Кабинети тарабынан, жергиликтүү бюджеттен бюджеттик насыяларды эсептен чыгаруу жергиликтүү кеңеш менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
Банкроттукка байланыштуу юридикалык жак жоюлган учурларда бюджеттик насыяларды эсептен чыгаруу банкроттук жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.
5. Республикалык бюджеттен жана башка булактардан берилүүчү бюджеттик насыяларды башкаруу менен байланышкан чыгашалар бюджеттик насыялар боюнча пайыздарды тындыруу эсебине кайтарылуучу акча каражаттарынын 10 пайызы өлчөмүндөгү чегерүүлөрдүн эсебинен жабылат, алардын 30 пайызы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга багытталат.
Ушул бөлүктө көрсөтүлүп чегерилген акча каражаттарын пайдалануунун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
6. Бюджеттик насыялар боюнча насыя берүүчүнүн талаптарына доонун эскириши жайылтылбайт.
Бюджеттик насыялар боюнча карызды өндүрүү жөнүндө сот актысы чыгарылган учурдан тартып пайыздарды жана финансылык санкцияларды кошуп эсептөө токтотулат.
Чет өлкөлүк валютада берилген бюджеттик насыялар боюнча карызды өндүрүүдө карыздын суммасы сот актысы чыгарылган учурга карата расмий курс боюнча улуттук валютада белгиленет.";
15) 33-берененин 1-бөлүгүндө "аймактарды" деген сөз "жергиликтүү жамаатты" деген сөздөргө алмаштырылсын;
16) 34-берененин 1-бөлүгүндө "аймактарды" деген сөз "жергиликтүү жамаатты" деген сөздөргө алмаштырылсын;
17) 341-берененин экинчи абзацында "бюджеттик ассигнованиелердин көлөмү жана чыгашалар" деген сөздөр "бюджеттик ассигнованиелер" деген сөздөргө алмаштырылсын;
18) 38-беренеде:
а) мамлекеттик тилдеги 1-бөлүктүн биринчи абзацында "1. Социалдык" деген сөздөр "Социалдык" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 9-пункт менен толукталсын:
"9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка максаттарга.";
19) 431-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"431-берене. Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фонду
Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фонду (мындан ары - Турукташтыруу фонду) - Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн түзүлгөн бюджеттен тышкаркы фонд.";
20) 432-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) Президент тарабынан аныкталуучу башка каражаттар.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:
"11. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1, 2 жана 4-пункттарына ылайык алынган каражаттар андан ары Турукташтыруу фондуна которуу үчүн республикалык бюджеттин ресурстарында жана чыгашаларында эсепке алынат.
Республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда каралбаган каражаттар ага өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин Жогорку Кеңештин тармактык комитетине кийин жазуу жүзүндө кабарлоо менен Турукташтыруу фондуна которулат.";
в) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Турукташтыруу фондун башкаруудан инвестициялык кирешелер түздөн-түз анын эсептерине түшөт.";
21) 433-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) мамлекеттик социалдык-экономикалык программаларды ишке ашырууга;";
б) 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) Президент тарабынан аныкталуучу башка иш-чараларга.";
22) 45-берененин 3-пунктунда "5 жылдан кем эмес узак мөөнөттүү негизде" деген сөздөр "Фискалдык саясаттын негизги багыттарына ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
23) 47-берененин 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) эл аралык келишимдер жөнүндө мыйзамдарга ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин алкагында төлөнүүчү салыктар;";
24) 48-берененин 17-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
25) 51-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 2-пункт "субсидиялоого" деген сөздөн кийин "жана бюджеттик насыялоого" деген сөздөр менен толукталсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5) муниципалдык ишканаларга бюджеттик насыяларды жана субсидияларды берүүгө.";
26) 53-берененин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда "жергиликтүү бюджеттерге" деген сөздөр алып салынсын;
27) 54-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Теңдештирүүчү трансферттер - жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин жана чыгашаларынын ортосундагы каржылык айырманы жабууга республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар.";
28) 55-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"55-берене. Максаттуу трансферттер
1. Максаттуу трансферттер - белгилүү бир максаттарга бир бюджеттен башка бюджетке берилүүчү каражаттар.
2. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге максаттуу трансферттер Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте берилет.
3. Жергиликтүү бюджеттен максаттуу трансферттер башка бюджетке берилет жана жергиликтүү кеңештердин ченемдик укуктук актылары менен бекитилет.";
29) 56-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 10-пункт менен толукталсын:
"10) республикалык бюджеттен каржылануучу пенсияларды, жөлөкпулдарды жана компенсациялык кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүгө чыгашалар.";
30) 59-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондунун баалуулуктарын кошпогондо, мамлекеттик карызга алуу боюнча милдеттемелерди камсыз кылуу үчүн мамлекеттин активдерин, ошондой эле Улуттук банктын алтынын жана эл аралык резервдерин күрөө түрүндө пайдаланууга тыюу салынат.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондунун баалуулуктарын күрөө түрүндө пайдалануу Министрлер Кабинетинин чечими боюнча гана жүзөгө ашырылат.";
31) 62-берененин 3-бөлүгүндө "бекитилет" деген сөз "жактырылат" деген сөзгө алмаштырылсын;
32) 63-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"63-берене. Мамлекеттик кепилдиктер
1. Мамлекеттик кепилдик Жогорку Кеңеш менен макулдашуу боюнча Министрлер Кабинетинин чечими боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
Мамлекеттик кепилдик берүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. Ушул Кодексте каралбаган мамлекеттик кепилдиктер инвестициялар жөнүндө мыйзамдар менен жөнгө салынат.";
33) төмөнкүдөй мазмундагы 631-берене менен толукталсын:
"631-берене. Кепилчилик берүү
1. Кепилчилик Министрлер Кабинетинин чечими боюнча туруктуу экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында юридикалык жактарга - Кыргыз Республикасынын резиденттерине берилет.
Кепилчилик берүү жөнүндө чечим Жогорку Кеңештин тармактык комитети менен макулдашуу боюнча Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.
Кепилчилик берүүнүн тартиби жана шарттары Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жыл сайын республикалык бюджетте улуттук экономиканын субъекттерине тиешелүү жылга жыйынды чыгашалардын көлөмүнүн 1 пайызынан ашпаган өлчөмдө (кепилчилик берүү каражаттарын эсепке албаганда) кепилчилик берүү механизмин ишке ашыруу үчүн каражаттарды карайт.";
34) 66-берененин 1-бөлүгүндө "аймакты" деген сөз "жергиликтүү жамаатты" деген сөздөргө алмаштырылсын;
35) 71-беренеде:
а) 5-пунктта "каржылык башкаруу жана" деген сөздөр "ички" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 23-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 30-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"30) мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү, ошондой эле ички аудит жана ички контролдоо боюнча ишти координациялайт;";
г) төмөнкүдөй мазмундагы 33-1-пункт менен толукталсын:
"33-1) валюталык своп-операцияларды жүзөгө ашырат;";
36) 74-беренеде:
а) "Экономикалык" деген сөз "1. Экономикалык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-пункттун "а" пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-пункт менен толукталсын:
"5-1) ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат;";
г) 6 жана 7-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
д) төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"2. Экономиканы өнүктүрүүнүн жана региондорду комплекстүү өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын эске алуу менен түздөн-түз инвестициялар жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, мамлекеттик материалдык резервдер жаатындагы саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан даярдалган мамлекеттик материалдык резерв тутумунун чыгашаларынын түзүмү боюнча тиешелүү жылга республикалык бюджеттин долбооруна карата сунуштарды макулдашуу, ошондой эле отун-энергетика комплекси жаатындагы бюджет жана тарифтик саясат боюнча сунуштарды киргизүү тиешелүү ченемдик укуктук актылар менен аныкталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.";
37) 75-беренеде:
а) 7-пунктта "ведомстволук каржылык" деген сөздөр "ички каржылык" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 8-пунктта "жана бюджеттик милдеттенмелердин лимиттерине" деген сөздөр алып салынсын;
38) 78-беренеде:
а) 1-пунктта "аймактардын" деген сөз "жергиликтүү жамааттын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
39) 79-беренеде:
а) 1-пунктта "аймактардын" деген сөз "жергиликтүү жамааттын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8) жергиликтүү бюджеттердин долбоорлору жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчет боюнча коомдук угууларды уюштурат жана өткөрөт;";
в) төмөнкүдөй мазмундагы 81-пункт менен толукталсын:
"81) өз ишинин чөйрөсүндө ички контролду уюштурат жана жүзөгө ашырат;";
40) 80-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Республикалык бюджеттин долбоору Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолунун жана Министрлер Кабинетинин Кеңешинин кароосуна берилген Фискалдык саясаттын негизги багыттарынын параметрлеринин негизинде жана ушул Кодекстин талаптарына ылайык түзүлөт.";
б) 2-бөлүктө "аймактарды өнүктүрүү стратегиясынын/программаларынын" деген сөздөр "жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 4-бөлүктө:
- биринчи абзацта "аймактарды" деген сөз "жергиликтүү жамаатты" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи абзацта "учурдагы бюджеттик жылдын 1-июлунан кечиктирилбестен бекитилген жана кезектеги бюджеттик жылдын 1-январынан эрте эмес колдонууга киргизилүүчү" деген сөздөр алып салынсын;
- үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
41) 81-берененин 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
42) 18-главанын аталышында "аймактарды" деген сөз "жергиликтүү жамаатты" деген сөздөргө алмаштырылсын;
43) 82-беренеде:
а) 3-бөлүктүн 2-пунктунда "Министрлер Кабинети тарабынан учурдагы жылдын 31-мартынан кечиктирилбестен бекитилген" деген сөздөр алып салынсын;
б) 5-бөлүктүн 2-пунктунун "в" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"в) бюджеттин дефицитин, аны жабуу булактарын/бюджеттин профицитин жана аны пайдалануу багыттарын;";
в) 6-бөлүктө:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Фискалдык саясаттын негизги багыттарынын долбоору түзүлөт жана Министрлер Кабинетинин Кеңешинин кароосуна берилет.";
- экинчи абзацтын биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Фискалдык саясаттын негизги багыттарынын орто мөөнөттүү бюджеттик негизинин долбоору боюнча кайчы пикирлер келип чыккан учурда Министрлер Кабинетинин Кеңеши 15 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү чечим кабыл алат.";
г) 8 жана 9-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Орто мөөнөттүү мезгилге Фискалдык саясаттын негизги багыттары Министрлер Кабинетинин Кеңешинин кароосуна берилгенден кийин 30 календардык күндөн кечиктирилбестен Министрлер Кабинетинин Кеңешинин чечими менен бекитилет жана Жогорку Кеңешке берилет.
9. Орто мөөнөттүү мезгилге Фискалдык саясаттын негизги багыттары жарыяланат жана бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында бекитилгенден кийин 5 жумуш күндөн кечиктирилбестен жайгаштырылат.";
44) 83-берененин 2-бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) бюджеттин дефицити, аны жабуунун булактары/бюджеттин профицити жана аны пайдалануунун багыттары;";
45) 85-87-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"85-берене. Бюджеттик программалар
1. Бюджеттик программа өнүгүүнүн тармактык (сектордук) программаларын жана жергиликтүү жамаатты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашырууга багытталган иш-чаралардын комплексин түзөт.
Бюджеттик программанын так, реалдуу жана жеткиликтүү максаты жана сандык жана/же сапаттык жактан бюджеттик программаны ишке ашыруунун натыйжаларын чагылдырган натыйжалуулук көрсөткүчтөрү болушу керек.
2. Бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөрдүн (тескөөчүлөрдүн, алуучулардын) бюджеттик программаларда чагылдырылган чыгашалары программалык болуп саналат.
3. Программалык чыгашалардын тизмеги кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге бюджеттин долбооруна киргизилет.
4. Мамлекеттик органдардын ишинин багыттары боюнча түзүлүүчү, бюджеттик программаларда чагылдырылбаган бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөрдүн (тескөөчүлөрдүн, алуучулардын) чыгашалары программалык эмес болуп саналат.
5. Бюджеттик программаларды түзүүнүн, кароонун жана аткаруунун тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
86-берене. Бюджеттик программалардын натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрү
Бюджеттик программалардын натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрү сектордун максаттарына жетүү боюнча багыттар жана анын ишин баалоо критерийлери катары колдонулат.
87-берене. Бюджеттик программалардын майнаптуулугун баалоо
1. Бюджеттик программалардын майнаптуулугун баалоо натыйжалуулуктун көрсөткүчтөрүнүн жетишүүсүнүн негизинде жүзөгө ашырылат.
2. Натыйжалуулуктун көрсөткүчтөрүн аныктоо жана бюджеттик программалардын майнаптуулугун баалоо жүргүзүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
3. Бюджеттик программалардын натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрүнө жетишүү үчүн жоопкерчилик бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрүнө (тескөөчүлөрүнө, алуучуларына) жүктөлөт.";
46) 88-беренеде:
а) аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "88-берене. Жергиликтүү жамаатты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары";
б) 1 жана 2-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Жергиликтүү жамаатты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы - бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан белгилүү бир мезгилге бекитилген аймактарды жана жергиликтүү жамаатты социалдык жана экономикалык өнүктүрүү чараларынын комплекстүү тутуму.
2. Жергиликтүү жамаатты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан беш жылдык мезгилге иштелип чыгат. Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын кезектеги үч жылдык мезгили жергиликтүү бюджеттин долбоорун үч жылга түзүү үчүн негиз болуп саналат.";
в) 4-бөлүктө "Аймактардын" деген сөз "Жергиликтүү жамааттын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
47) 89-беренеде:
а) 2-бөлүктө "каралган" деген сөз "каралуучу" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4) бюджеттик каражаттарды негизги тескөөчү (тескөөчү, алуучу) тарабынан жүзөгө ашырылуучу бюджеттик программаларды, анын ичинде алардын майнаптуулугун баалоонун натыйжалары боюнча, ошондой эле мурда каралган жалпы мамлекеттик программаларды, иш-чараларды жана төлөөлөрдү ишке ашырууну токтотууну.";
в) 4-бөлүктүн биринчи абзацында "ушул берененин 2-бөлүгүнүн жоболорун эске алуу менен бюджеттик инвестицияларга жиберилет" деген сөздөр "тиешелүү чыгашаларга каралат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
48) 90-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) кирешелер, чыгашалар, бюджеттин дефицити жана аны жабуунун булактары/бюджеттин профицити жана аны пайдалануунун багыттары боюнча бюджеттин негизги параметрлери;";
б) 4-пункттун "в" пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
49) 91-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Чыгашалардын ведомстволук квалификациясы боюнча контролдук цифралар кезектеги бюджеттик жылга жана пландуу мезгилге ведомстволордун бюджеттеринин долбоорлорун түзүү үчүн бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрүнө негиз болуп саналат.";
50) 95-берененин 4 жана 5-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Республикалык бюджеттин долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынгандан кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөрдүн ченемдеринин жана такталган көлөмдөрүнүн долбоорлорун, бюджеттер аралык трансферттердин өлчөмдөрүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 5 күндүн ичинде жиберет.
5. Жергиликтүү бюджеттердин такталган долбоорлорун жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары жергиликтүү кеңештердин кароосуна жана бекитүүсүнө ушул берененин 4-бөлүгүнө ылайык маалымат алган күндөн тартып 15 күндүн ичинде киргизет.";
51) 98-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 3-пунктта "дефицитин (профицитин)" деген сөздөр "дефицитин/профицитин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) бюджеттин дефицитин жабуунун булактарын/профицитин пайдалануунун багыттарын;";
52) 99-берененин 4-бөлүгүндө "календардык" деген сөз "жумушчу" деген сөзгө алмаштырылсын;
53) 100-берененин аталышында жана текстинде "Өзгөчө бюджеттин", "өзгөчө бюджетти" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Өзгөчө мамлекеттик бюджеттин", "өзгөчө мамлекеттик бюджетти" деген сөздөргө алмаштырылсын;
54) 102-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Жергиликтүү кеңештер кезектеги бюджеттик жылга жана пландуу мезгилге жергиликтүү бюджеттердин долбоорлорун, бюджеттик комиссиялардын корутундуларын карайт жана жергиликтүү бюджеттерди төмөнкүдөй параметрлер менен: кирешелерди, чыгашаларды, республикалык бюджеттен бөлүнүүчү теңдештирүүчү трансферттердин өлчөмүн жергиликтүү бюджеттердин долбоору жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан берилгенден кийин бир айдан кечиктирилбеген мөөнөттө бекитет.";
55) 103-беренеде:
а) 4-бөлүктө "квартал боюнча бюджеттик бөлүштүрүүнүн" деген сөздөр "бекитилген/такталган бюджеттин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Бюджеттик мекемелердин ишин күтүүгө чыгашалар тиешелүү бюджеттик ассигнованиелердин негизинде жүзөгө ашырылат.";
56) 105-беренеде:
а) 5-бөлүктүн биринчи абзацында "тиешелүү бюджеттин" деген сөздөр алып салынсын;
б) 6-бөлүктө:
- 4-пунктта "келишимди" деген сөз "келишимди (контрактты)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5) Турукташтыруу фондунун акча каражаттарын пайдалануу жөнүндө чечимдер кабыл алынганда.";
в) 8-бөлүктүн 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы "ж-2" пунктчасы менен толукталсын:
"ж-2) аскердик милдетти аткарууга байланыштуу жыйымдарды;";
57) 106-беренеде:
а) 3-бөлүктүн 3-пунктунда "Бирдиктүү казыналык эсепте тиешелүү бюджеттин каражаттарынын" деген сөздөр "Бирдиктүү казыналык эсепте каражаттардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу каражаттарды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын бюджеттеринин бардык ресурстары Бирдиктүү казыналык эсепке токтоосуз чегерилүүгө тийиш.";
в) 7-бөлүктө "Бюджеттик милдеттенмелердин лимиттеринен" деген сөздөр "Бюджеттик ассигнованиелерден" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 8-бөлүктө "бюджеттик милдеттенмелердин лимиттери жана каражаттарды чыгымдоонун чектик көлөмдөрү" деген сөздөр "каражаттарды чыгымдоонун чектик көлөмдөрү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
д) 10-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10. Бирдиктүү казыналык эсептен тышкары турган, бюджеттик каражаттарды алуучулар тарабынан пайдаланылбаган бюджеттик каражаттардын калдыктары, мамлекеттик тышкы инвестициялар боюнча бюджеттик каражаттардын калдыктарын кошпогондо, бюджеттик каражаттарды алуучулар тарабынан тиешелүү бюджеттердин эсебине бюджеттик жылдын акыркы эки жумуш күнүнөн кечиктирилбестен которулууга тийиш.";
е) 12-бөлүктө "атайын эсепте" деген сөздөр "атайын жана депозиттик эсептерде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
58) 107-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Учурдагы каржылык жылга сот тутумун каржылоо мыйзамында каралган бюджеттик каражаттарды секвестирлөөгө Судьялар кеңешинин макулдугу менен гана жол берилет.";
59) төмөнкүдөй мазмундагы 1071-берене менен толукталсын:
"1071-берене. Республикалык бюджеттин чыгашаларын үнөмдөө
Корголгон беренелерди кыскартууга төмөнкүдөй учурлардан тышкары жол берилбейт:
1) бюджеттик мекемелерде бош орундардын түзүлүшү;
2) бюджеттик мекемелердин штаттык санынын өзгөрүшүнө алып келген ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу;
3) бюджеттик тутумдун бюджеттерин аткаруунун жүрүшүндө алынган чыгашаларды үнөмдөө.";
60) 108-беренеде:
а) 6-бөлүгүндө "бюджеттик милдеттенмелердин бекитилген лимиттерине" деген сөздөр "бюджеттик ассигнованиелерге" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй 7-бөлүк менен толукталсын:
"7. Бюджетти аткаруу процессинде Министрлер Кабинети белгилеген тартипте кайтарып берүү негизинде атайын эсептерде топтолгон каражаттарды республикалык бюджеттин чыгашаларына убактылуу алып коюуга жол берилет.";
61) 109-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Бюджеттерди аткаруу процессинде Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жалпы бюджеттик ассигнованиелердин чектеринде бюджеттик каражаттарды кайра бөлүштүрүүгө жол берилет.
Такталган республикалык бюджетти аткаруу процессинде бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүсү (тескөөчү) республикалык бюджеттин негизги параметрлерин сактоо менен чыгашалардын экономикалык классификациясынын беренелеринин ортосунда бюджеттик ассигнованиелердин чектеринде каражаттарды кайра бөлүштүрүүгө укуктуу.";
б) 3-бөлүктө "укуксуз" деген сөз "укуктуу" деген сөзгө алмаштырылсын;
62) 110-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
63) 111-берененин аталышында жана текстинде "Республикалык бюджеттин" деген сөздөр "Бюджеттик тутумдун бюджеттеринин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
64) 113-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
65) 114-беренеде:
а) 2 жана 3-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары турган бюджеттик мекемелердин жана уюмдардын милдеттенмелерин жана мамлекеттик же мыйзам менен корголуучу башка жашыруун сырды камтыган милдеттенмелерди кошпогондо, бюджеттик мекемелер тарабынан товарларды жеткирүүгө, кызматтарды көрсөтүүгө, анын ичинде консультациялык кызматтарды көрсөтүүгө, жумуштарды аткарууга түзүлгөн келишимдер, контракттар, макулдашуулар катталууга тийиш.
3. Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн кирешелерди кошуп алганда, бюджеттик каражаттардын эсебинен аткарылууга тийиш бюджеттик мекемелер тарабынан келишимдерди, контракттарды, макулдашууларды түзүү бюджеттик ассигнованиелердин чектеринде жана кабыл алынган жана аткарылбаган бюджеттик милдеттенмелерди эске алуу менен жүргүзүлөт.
Бюджеттик мекеменин жетекчиси ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жеткирилген максаттуу багыт боюнча каралган бюджеттик ассигнованиелерди сактоону камсыз кылат жана насыялык жана дебитордук карыздын абалы жана мөөнөтү өтүп кеткен карыздын түзүлүшү үчүн жеке жоопкерчилик тартат. Келишимде, контрактта, макулдашууда белгиленген төлөө мөөнөтүнөн ашып кеткен милдеттенме мөөнөтү өтүп кеткен карыз болуп саналат. Формалдуу келишим, контракт, макулдашуу болбогондо, бюджеттик мекеме өз убагында каржыланган шартта төлөөгө эсеп алган күндөн тартып 30 күндүк мөөнөтүнөн ашып кеткен карыз мөөнөтү өтүп кеткен болуп саналат.";
б) 4-бөлүктө:
- биринчи абзацта "(жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн)" деген сөздөр "(жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, анын ичинде консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Келишимдик бюджеттик милдеттенмелер товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) жөнөтүүчүлөр жана консультанттар менен түзүлгөн келишимдердин, контракттардын, макулдашуулардын негизинде бюджеттик мекемелер тарабынан милдеттенмелер кабыл алынганда келип чыгат.";
в) 5-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
г) 6-бөлүктө "(жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү)" деген сөздөр "(жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
д) 7-бөлүк "Келишимдерди" деген сөздөн кийин ", контракттарды, макулдашууларды" деген сөздөр менен толукталсын;
66) 115-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттерин аткаруунун жүрүшүндө алынган кошумча ресурстарды пайдалануу жөнүндө чечим кабыл алынганда, бюджеттик жыл ичинде кошумча чыгашаларды бөлүүдө же үнөмдөөдө, Социалдык фондго, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна бөлүнгөн максаттуу трансферттердин, ассигнованиелердин, республикалык бюджеттен бөлүнгөн бюджеттик ссудалардын көлөмдөрү өзгөргөндө;";
б) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Өзгөчө мамлекеттик бюджетти кошпогондо, бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актыга бюджеттик жылдын ичинде эки жолудан ашык эмес өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.
Бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ченемдик укуктук актынын долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна Министрлер Кабинети, айылдык жана шаардык кеңештерге жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан кезектеги бюджеттик жылдан мурунку жылдын 1-июнунан жана 1-ноябрынан кечиктирилбестен киргизилет.
Республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга тиешелүү түзөтүүлөр кабыл алынганга чейин республикалык бюджеттин негизги параметрлерине өзгөртүүлөр зарыл болгондо бюджеттик мыйзамдардын маселелери анын карамагына кирген Жогорку Кеңештин тармактык комитети менен макулдашуу боюнча Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык киргизилет жана аткарылат. Жогорку Кенештин сессияларынын ортосундагы мезгилде жана депутаттардын шайлоочулар менен иштеген мезгилде Министрлер Кабинети зарыл болгондо республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга тиешелүү түзөтүүлөр кабыл алынганга чейин республикалык бюджеттин негизги параметрлерине өзгөртүүлөрдү киргизет жана бюджеттик мыйзамдардын маселелер карамагына кирген тийиштүү Жогорку Кеңештин тармактык комитетине маалымат берүү менен аларды аткарат.
Тиешелүү түзөтүүлөр кабыл алынганга чейин жергиликтүү кеңештердин жергиликтүү бюджеттер жөнүндө ченемдик укуктук актыларында бекитилген жергиликтүү бюджеттердин параметрлерин өзгөртүү зарыл болгондо жергиликтүү кеңештердин бюджеттик комиссиялары менен макулдашуу боюнча аткарылышы мүмкүн.
Бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ченемдик укуктук актынын долбоору мыйзам чыгаруу (өкүлчүлүктүү) органы тарабынан ал мыйзам чыгаруучу (өкүлчүлүктүү) органга киргизилген күндөн тартып 20 күндүн ичинде кезексиз тартипте каралат.";
67) 116-беренеде:
а) аталышында "бекитүү" деген сөз "кабыл алуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүктө "1-майынан" деген сөздөр "20-апрелинен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 4-бөлүктө "15-майынан" деген сөздөр "1-майынан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 9-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Жогорку Кеңеш кароонун жыйынтыктары боюнча республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту анын аткарылышын баалоо менен кабыл алуу тууралуу чечимди кабыл алат.";
68) мамлекеттик тилдеги 23-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "23-глава. Мамлекеттик ички контроль тутуму жана мамлекеттик аудит";
69) 121-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Мамлекеттик башкаруу секторунун органдарында ички контроль тутумун уюштуруу Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталат.";
70) 122-беренеде:
а) 1-бөлүктө "кепилдиктерди" деген сөз "баа, кепилдиктерди" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Мамлекеттик башкаруу секторунун ички аудити Кыргыз Республикасынын ички аудит боюнча ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.";
71) 125-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзүнүн расмий сайтына мамлекеттик же башка мыйзам менен корголгон жашыруун сырды коргоону камсыз кылууну эске алуу менен маалымат алуу жөнүндө мыйзамдарга ылайык жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу менен төмөнкү документтерди алар белгиленген тартипте бекитилгенден (жактырылгандан, кабыл алынгандан) кийин 15 күндүн ичинде жайгаштырууга милдеттүү:";
- 7-пунктта "бекитилген" деген сөз "кабыл алынган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-бөлүктө:
- биринчи абзацта, 2 жана 3-пункттарда ", жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары", ", жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын" деген сөздөр алып салынсын;
- 4-пунктта "майнаптуулуктун индикаторлоруна" деген сөздөр "натыйжалуулук көрсөткүчтөрүнө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 6-8-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-бөлүк менен толукталсын:
"4-1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн маалымат такталарына, расмий сайттарына, социалдык баракчаларына жана башка коммуникация каражаттарына төмөнкүлөр бекитилгенден (жактырылгандан) кийин 15 күндүн ичинде аларды жайгаштырууга милдеттүү:
1) жергиликтүү бюджеттердин долбоорлору;
2) бекитилген жергиликтүү бюджеттер;
3) жергиликтүү бюджеттердин аткарылышы жөнүндө жылдык отчеттор.";
72) 127-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Коомдук бюджеттик угуулар - сунуштарды, сунуштамаларды алуу жана калктын кызыкчылыктарын эске алуу менен чечимдерди кабыл алуу үчүн аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгеси боюнча өткөрүлүүчү Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттерин аткаруу, кезектеги бюджеттик жылга жана пландуу мезгилге бюджеттердин долбоорлорун түзүү маселелерин ачык талкуулоо формасындагы иш-чара.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Коомдук бюджеттик угууларды өткөрүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
73) 131-берененин 1-бөлүгүндө:
а) биринчи абзацта "мониторингди" деген сөз "финансылык контролду жана мониторингди" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Бюджеттин аткарылышына контролдун жана мониторингдин, ошондой эле жүргүзүлгөн ички жана тышкы аудиттин жүрүшүндө бюджеттик мыйзамдарда табылган бузуулардын натыйжалары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Министрлер Кабинетине каржылык бузуулар табылган программаларды жана иш-чараларды жүзөгө ашырууда (пайдаланууда) каржылоого (бюджеттер аралык трансферттерди берүүгө) чектөөлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизилет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |