Загрузка документа…
ЖАНЫ-ТАЛАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 16-декабры № XV/II
Жаны-Талап айылдык аймагынын территориясындагы ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө болгон муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 2 жана 19-беренелерине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, “Жаны-Талап суу” суу пайдалануучулар ассоциясынын мүчөлөрүнүн жалпы жыйынын ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке берүү жөнүндө чечими тууралуу Жаны-Талап айыл өкмөт башчысын угуп Жаны-Талап айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Жаны-Талап суу” суу пайдалануучулар ассоциациясынын мүчөлөрүнүн жалпы жыйынынын ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке берүү жөнүндө суроо-талабы канааттандырылсын
2. Жаны-Талап айыл өкмөтүнүн башчысы:
1) “Жаны-Талап суу” суу пайдалануучулар менен ирригациялык курулмалар түрдө мүлктү кабыл алуу-берүү актысын түзсүн.
2) “Жаны-Талап суу” суу пайдалануучулар ассоциациясы менен ирригациялык курулмаларды берүү келишимине кол койсун, аны мамлекеттик нотариустан күбөлөндүрсүн жана мамлекеттик каттоо кызматарынын органдарында каттасын.
3) Ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчик реестрине камтысын.
3. Ушул Жаны-Талап айылдык кеңешинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № XV/ II токтомун юстициянын Нарын облустук башкармалыгында каттоодон өткөрсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин экономикалык маселелер боюнча туруктуу депутаттак комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Ж.Турдубеков |