Загрузка документа…
ЖАНЫ-ТАЛАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 16-декабры № XV/I
Жергиликтүү маанидеги “тиешелүү аймакты экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу” маселелесин башкаруу тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27 жана 34-беренесине ылайык, Жаны-Талап айыл өкмөтүнүн башчысынын дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылууга байланыштуу чаралар боюнча сунуш угуп Жаны-Талап айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү маанидеги “тиешелүү аймакты экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу” маселесин башкаруу тартиби (мындан ары- Тартип) дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылуу маселелерин 1-тиркемеге ылайык киргизүү менен бекитилсин.
2. Жаны-Талап айыл өкмөтүнүн башчысы Тартиптин бекитилген функцияларын аткаруу, кызматтарды уюштуруу жана милдеттенмелерди аткаруу бөлүгүнүн ишке ашырылуусун камсыз кылсын.
3. Ушул Жаны-Талап айылдык кеңешинин 2022-жылдын 16-декабрындагы №XV/I токтомунун мамлекеттик каттоосу юстициянын Нарын облустук башкармалыгында жазалсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин экономикалык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Ж.Турдубеков |
| Жаны-Талап айылдык кеңешинин 2022-жылдын 16-декабрынын № 1 токтомуна тиркеме |
Жергиликтүү маанидеги “тиешелүү аймакты экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу” маселелесин чечүүнүн алкагында дыйкандардын сугат сууга жетишин камсыз кылуу боюнча кызматтардын, функциялардын, милдеттенмелердин тизмеги
№ | Кызматтардын, функциялардын, милдеттенмелердин аталышы | Аткаруу үчүн жооптуу жак |
| ||
1.1. | Сугат суусун суу пайдалануучуларга жеткирүү | Суу пайдалануучу ассоциясы (келишим боюнча) |
| ||
2.1. | Айыл өкмөтүнүн башчысынын бассейиндик кеңешитин ишине катышуу | Айыл өкмөтүнүн башчысы |
2.2. | Муниципалдык менчиктин реестринде ирригациялык курулмалады эсепке алууну жүргүзүү | Айыл өкмөтүнүн финансылык- эконмикалык бөлүму
|
2.3. | Кызмат көрсөтүүлөр менен ирригациялык курулмаларды колдонуу боюнча келишим түзүү, кол коюу жана аткарылышын көзөмөлдөө | Айыл өкмөтүнүн финансылык- эконмикалык бөлүмү
|
2.4. | Суу пайдалануу, эксплуатациялоо жана ирригациялык системаны камсыз кылуу эрежелерин иштеп чыгуу жана бекитүү | Айыл өкмөтүнүн башчысы Жергиликтүү кеңеш
|
2.5. | Суу чарбасынын райондук башкармалыгы менен сугат суусун жеткирүү келишимин түзүү жана аткарылышын көзөмөлдөө | Айыл өкмөтүнүн башчысы
|
2.6. | Суу колдонуу, эксплуатациялоо жана ирригациялык системаны камсыз кылуу эрежелерин бузганы үчүн суу пайдалануучулардын административдик жооперчилик маселелери боюнча административдик комиссиянын ишин уюштуруу | Айыл өкмөтүнүн башчысы Жергиликтүү кеңеш |
2.7. | Ирригациялык кызматтардын төлөмүнүн (ИКТ) наркын эсептөө жана бекитүү | Айыл өкмөтүнүн башчысы Жергиликтүү кеңеш
|
2.8. | Жаны-Талап айыл аймагында ирригацияны өнүктүрүү боюнча инвестициялык программаны иштеп чыгуу жана бекитүү | Айыл өкмөтүнүн башчысы Жергиликтүү кеңеш
|
| ||
3.1. | Ирригациялык курулмаларды кызмат көрсөтүүчүлөргө муниципалдык мүлктүн объектери катары колдонууга берүү | Айыл өкмөтүнүн башчысы Жергиликтүү кеңеш |
3.2 | Ирригациялык курулмаларды камсыз кылууга амортизациялык чегерүүлөрдү толук же жарым-жартылай компенсациялоо | Айыл өкмөтүнүн башчысы Жергиликтүү кеңеш |
3.3. | Суу пайдалануучулардын айрым категорияларына субсидияларды бөлүп берүү | Жергиликтүү кеңеш |
3.4. | Субсидия аркылуу кызмат көрсөтүүчүлөрдүн чыгымдарын компенсациялоо | Айыл өкмөтүнун башчысы |