Загрузка документа…
ЖАНЫ-ТАЛАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 17-ноябры № XIV/I
“Куртка Энерджи” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Ыманкалиев Замирдин Жаны-Талап айылына чакан ГЭС куруу боюнча жазган арызы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 39-беренесине ылайык, «Куртка Энерджи» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору З. Ыманкалиевдин Жаңы-Талап айыл аймагына чакан ГЭС куруу боюнча арызынын негизинде Жаңы-Талап айыл өкмөтүнүн өтүнүчү талкууланып Жаңы-Талап айылдык кеңеши токтом кылат:
1. «Куртка Энерджи» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору З. Ыманкалиевге Жаңы-Талап айыл аймагына чакан ГЭС куруу максатында 15,0 га жерге аукционго катышууга макулдук берилсин.
2. Жаңы-Талап айыл аймагынын аймагында жайгашкан аянты 15,0 га жайыт жер участокторун, анын ичинде №225 контурда жайытты, № 227 контурда жайгашкан – 7,2 га жайытты, № 229 контурдан – 21,0 га жайытты, № 230 контурдан – 1,50 га жайытты, № 230* контурдан – 0,2 га жайытты, № 231 контурдан – 17,1 га жайытты, № 288 контурдан – 3,0 га жайытты «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу багыттагы жерлер» категориясына муниципалдык менчикке которууга макулдук берилсин.
3. Чакан ГЭС куруу үчүн керек болгон жер тилкесин «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу багыттагы жерлер» категориясына которууга муниципалдык менчикке, алууга макулдук берилсин.
4. Жаны-Талап айылынын муниципалдык жери жеке ишкерлерге, Жаны-Талап айыл элинин кызыкчылыктарын эске алуу менен эки тарапту келишим менен аукциондук негизде берилсин.
5. Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы Жаны-Талап айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
6. Айыл өкмөттүн стретегиялын планына киргизүү сунушталсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин экономикалык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Ж.Турдубеков |