Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 2-декабры № 11
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин 2024-жылдын 10-майындагы III сессияснын № 1 токтомунун биринчи пунктундагы 600,6 га жер аянтына ɵзгɵртүү киргизүү жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жѳнүндѳ” Мыйзамынын 1-главасынын 3-беренесинин жана 1999-жылдын 02-июнунда кабыл алынган № 45 Жер Кодексинин 2-главасынын 13-беренесинин негизинде Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1.Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн эски имаратынын пайдалануусундагы 5-04-12-1001-0181 Иден.кодундагы 1782,60 м.кв жер аянтынан 600,6 м.кв жер аянты так чыкпай калгандыгына байланыштуу 500,0 м.кв деп белгиленсин жана Иден.код; 5-04-12-1001-2069 500,0 м.кв жер аянты Кара-Суу РЭТинин калкты тейлѳѳ борборун куруу үчүн Кара-Суу РЭТине ажыратылып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин тɵрагасы |
| Д.Атанов |