Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 2-декабры № 12
Жер аянттарын айыл чарба жерлер категориясынан ѳндүрүштүк
жерлер категориясына которуу жѳнүндѳ
”Кыргызмамжердолбоор” институтунун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 2024-жылдын 01-ноябрындагы № 01-8-666 чыгыш саны менен берилген корутундусунун, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жѳнүндѳ” Мыйзамынын 1-главасынын 3-беренесинин жана 1999-жылдын 02-июнунда кабыл алынган № 45 Жер Кодексинин 2-главасынын 13-беренесинин негизинде Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл аймагына караштуу Ак-Жар участкасынын № 326 контурунда жайгашкан 0,44 га, № 343- контурдан 0,80 га, № 344 контурдан 3,26 га жалпы 4,50 га жайыт жерлерин айыл чарба багытынан “Ɵнɵр жайынын, трансопттун, байланыштын, энергетикасынын, коргонуунун жана башкв багыттагы” жерлер категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин тɵрагасы |
| Д.Атанов |