Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 2-декабры № 13
Жер аянттарын айыл чарба жерлер категориясынан ѳндүрүштүк
жерлер категориясына которуу жѳнүндѳ
”Кыргызмамжердолбоор” институтунун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 2024-жылдын 28-майындагы № 01-2-890 чыгыш саны менен берилген корутундусунун, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жѳнүндѳ” Мыйзамынын 1-главасынын 3-беренесинин жана 1999-жылдын 02-июнунда кабыл алынган № 45 Жер Кодексинин 2-главасынын 13-беренесинин негизинде Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл аймагына караштуу Курбан-Кара айылындагы № 1188 контурундагы 5,37га, №1191 контурундагы 0,31 га жана №1191/б контурундагы 0,26 га жалрысы 5,94 га кайрак айдоо жер аянтын, №1189 контурундагы 1,61 га, “1190 контурундагы 0,41 га, №1192 контурундагы 0,33 га жана №1200 контурундагы 0,16га жалпысы болуп 2,51 га жайыт жер аянтын, баары биригип 8,45 га жер аянты айыл чарба багытынан “Ɵнɵр жайынын, трансопттун, байланыштын, энергетикасынын, коргонуунун жана башкв багыттагы” жерлер категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин тɵрагасы |
| Д.Атанов |