Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 2-декабры № 15
“Калктуу конуштарга социалдык жана ɵндүрүштүк багыттагы обьектерди куруу үчүн жер аянттарын мамлекеттик менчикке алуу жɵнүндɵ”
Айыл аймагынын социалдык –экономикалык абалын жогорулатуу максатында социалдык жана ɵндүрүштүк багыттагы обьектерди куруу үчүн айыл чарба категориясындагы жерлерди ɵндүрүштүн, транспорт-байланыштын жана башка максаттар үчүн пайдалануунун категориясына которуу (трансформациялоо) үчүн Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 15-июлундагы № 145 “Жер участокторун которуу жɵнүндɵ” Мыйзамынын 1-главасынын 3-беренесине жана 1999-жылдын 02-июнунда кабыл алынган №45 Жер Кодексинин 2-главасынын 13-беренесине ылайык Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Дɵбɵ айылынын № 756 контурундагы жайыт жалпы аянты 0,90 га анын ичинен 0,17 га жер аянтын , № 510 , № 512 контурундагы жайыт жерден 0,13 жер аянтын социалдык-экономикалык абалын жогорулатуу максатында социалдык жана ɵндүрүштүк багыттагы обьектерди куруу үчүн Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан мамлекеттик менчикке алуусуна макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылу,у Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин тɵрагасы |
| Д.Атанов |