Загрузка документа…
Бул буйрук Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 759 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугун алуу тартибин, алардын жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка берүү жөнүндө жеке маалыматтар субъектилерине билдирүү тартибин жана формасын бекитүү тууралуу” токтому күчүн жоготту деп табылган күндөн тартып күчүнө кирди.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ ЖЕКЕ МААЛЫМАТТАРДЫ КОРГОО БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИ БУЙРУГУ
2025-жылдын 15-апрели № 27
Жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү максаттарын кошо алганда, чогултууга жана иштеп чыгууга макулдугун алуу, анын ичинде электрондук документ түрүндө, тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомунун 27-пунктун ишке ашыруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-декабрындагы № 325 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобосунун 14-пунктун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Тиркемеге ылайык Жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү максаттарын кошо алганда, чогултууга жана иштеп чыгууга макулдугун алуу, анын ичинде электрондук документ түрүндө, тартиби бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин мыйзамдык экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмү:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык ушул буйрукту расмий жарыялоо боюнча тиешелүү чараларды көрсүн;
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде жарыяланган булагын көрсөтүү менен ушул буйруктун көчүрмөсүн эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөлөрү эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберсин.
3. Ушул Тартип жеке маалыматтарды трансчегаралык берүүнү кошкондо, жеке маалыматтарды чогултуу, сактоо, иштетүү, пайдалануу, берүүнү ишке ашыруучу жеке маалыматтар массивинин кармоочусу (ээси) тарабынан колдонулат.
4. Бул буйруктун аткарылышынын көзөмөлдөөсүн өзүмө калтырамын.
5. Бул буйрук расмий жарыяланууга тийиш жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 759 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугун алуу тартибин, алардын жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка берүү жөнүндө жеке маалыматтар субъектилерине билдирүү тартибин жана формасын бекитүү тууралуу” токтому күчүн жоготту деп табылган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин расмий сайтына https://dpa.gov.kg 2025-жылдын 17-апрелинде жарыяланды.
Директор |
| А.Ж. Усенов |