Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СУУ РЕСУРСТАРЫ, АЙЫЛ ЧАРБА ЖАНА КАЙРА ИШТЕТҮҮ ӨНӨР ЖАЙЫ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2025-жылдын 24-апрели № 04-13/98
Кыргыз Республикасынын аймагына жаңы тоок жумурткасын ташып келүүгө убактылуу тыюу салуу жөнүндө
Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларынын базардагы бааларын турукташтыруу максатында, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык биримдиги жөнүндөгү Макулдашуунун 29, 47-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүлүп берилүүчү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 13-пунктунун 47-пунктчасына, 2022-жылдын 24-июнундагы № 334 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген “Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча Кеңешти түзүү жөнүндө” жобосуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетиин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө” жобосунун 14-пунктуна ылайык, 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 01-3 Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча Кеңештин сунушунун негизинде буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын аймагына (реимпортту, Кыргыз Республикасы аркылуу транзитти жана ЕАЭБдин бир субъектинен анын аймагы боюнча башка субъектиге которууну кошпогондо) жаңы жумурткаларды (Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасынын коду: 0407, 0408) ташып келүүгө 6 айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып Кыргыз Республикасынын аймагына жаңы тоок жумурткасын ташып келүүгө убактылуу тыюу салуу жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясына жана Дүйнөлүк соода уюмунун коргоо чаралары боюнча комитетине белгиленген тартипте кабарласын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын аймагына жаңы тоок жумурткасын ташып келүүгө убактылуу тыюу салуу жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине белгиленген тартипте кабарласын.
4. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитетинин чек ара кызматы Кыргыз Республикасынын аймагына жаңы тоок жумурткасын ташып келүүгө бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрүшсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин санариптештирүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү бөлүмү ушул буйрук катталган күндөн тартып 3 (үч) жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык расмий жарыялоону камсыз кылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин чечимдерди ишке ашыруу башкармалыгы:
– расмий жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумушчу күндүн ичинде бул буйрукту ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
– бул буйруктун көчүрмөсү үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
7. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин ушул тармагын тейлеген тиешелүү орун басарына жүктөлсүн.
8. Буйрук 2025-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин расмий сайтына https://agro.gov.kg 2025-жылдын 24-апрелинде жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-министр |
| Б.Э. Торобаев |