Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 24-апрели № 227
Кыргыз Республикасынын 2025-2030-жылдарга карата
электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-июлундагы № 427, 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 237 , 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 297 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Тартыштык шарттарында электр энергиясын керектөөчүлөрдү электр менен ишенимдүү жана үзгүлтүксүз жабдуу, ошондой эле электр менен жабдуучу уюмдардын чыгымдарынын ордун толтурууну камсыз кылуу максатында, "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын 2025-2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясаты тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги керектөөчүлөрдүн бардык топтору үчүн электр энергиясына тарифтерди белгиленген тартипте бекитсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 299 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-декабрындагы № 328 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 198 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 413 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-сентябрындагы № 517 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
7) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 657 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 199 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
9) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 665 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
10) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-апрелиндеги № 190 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
11) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-октябрындагы № 602 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
12) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-декабрындагы № 752 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 32 (3688) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын 2025-2030-жылдарга карата электр энергиясына ОРТО МӨӨНӨТТҮҮ ТАРИФТИК САЯСАТЫ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-июлундагы № 427, 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 237 , 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 297 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
Кыргыз Республикасынын 2025-2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясаты (мындан ары - ОМТС) электр энергиясын пайдаланууну керектөөчүлөр үчүн жеткиликтүүлүктү сактоо максатында иштелип чыккан.
Электр энергиясына ушул ОМТС менен белгиленген тарифтерди колдонуу аны натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу, энергияны үнөмдөө боюнча чараларды киргизүү, ошондой эле жылытуу максатында энергиянын альтернативдүү булактарын пайдалануу боюнча керектөөчүлөргө түрткү берет. Бул багытта, ушул ОМТСтин алкагында калктын көпчүлүк бөлүгү үчүн социалдык багыттагы тарифтер боюнча электр энергиясын жеңилдетилген керектөөнүн ар айлык көлөмү сакталууда.
Бул ОМТС төмөнкү принциптерге негизделген:
- наркынан төмөн белгиленген электр энергиясына социалдык багыттагы тарифтери сакталып калышы керек;
- калк үчүн электр энергиясына карата социалдык багыттагы тарифтер электр энергиясын жеңилдетилген керектөөнүн кепилденген көлөмүнүн чегинде гана колдонулушу керек;
- тарифтер электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга, энергияны үнөмдөөнү өнүктүрүүгө жана керектөөчүлөрдү энергия менен жабдуунун сапатын жакшыртууга түрткү берүүгө тийиш.
2-глава. Тарифтер
§ 1. Калк
Электр энергиясына болгон төлөмдөрдү төлөөдө калк үчүн күтүүсүз экономикалык кыйынчылыктарды болтурбоо үчүн, электр энергиясын ай сайын керектөө көлөмүн 700 кВт саат көлөмүндөгү чектелген босогосу сакталат (бийик тоолуу райондордо жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган калкты кошпогондо). Калк үчүн тарифтердин социалдык багытталышы электр энергиясын үнөмдүү чыгымдоого арналган.
Калк үчүн керектөөнүн ар айлык ченеминин чегинде электр энергиясына тариф ушул ОМТСтин 1-тиркемесинин 1-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн өлчөмдө белгиленет.
Калк үчүн керектөөнүн ар айлык ченеминен ашкан электр энергиясына тариф ушул ОМТСтин 1-тиркемесинин 1-пунктунун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн өлчөмдө белгиленет.
Бийик тоолуу райондордо жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган калк үчүн ушул ОМТСтин 1-тиркемесинин 1-пунктунун 3-пунктчасында көрсөтүлгөн өлчөмдө керектелген электр энергиясынын толук көлөмүнө социалдык багытталган тариф жыл бою колдонулат.
"Үй-бүлөгө көмөк" - 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө даректүү социалдык колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан берилген тизмеге ылайык айына 700 кВт саатка чейинки өлчөмдө керектөөдө электр энергиясына тариф ушул ОМТСтин 1-тиркемесинин 1-пунктунун 4-пунктчасында көрсөтүлгөн өлчөмдө белгиленет. Электр энергиясын айына 700 кВт сааттан ашык өлчөмдө керектөөдө электр энергиясына тариф ушул ОМТСтин 1-тиркемесинин 1-пунктунун 5-пунктчасында көрсөтүлгөн өлчөмдө белгиленет.
Электр энергиясын чектөөсүз пайдаланууну каалаган калк үчүн электр энергиясына тариф ушул ОМТСтин 1-тиркемесинин 1-пунктунун 6-пунктчасында көрсөтүлгөн өлчөмдө белгиленет.
§ 2. Социалдык жана коомдук керектөөчүлөр
Социалдык жана коомдук керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына тариф ушул ОМТСтин 1-тиркемесинин 2-пунктунда көрсөтүлгөн өлчөмдө белгиленет.
§ 3. Электр мобилдерди кубаттоо боюнча станциялар
Электр мобилдерди кубаттоо боюнча станциялар үчүн электр энергиясына тариф ушул ОМТСтин 1-тиркемесинин 3-пунктунда көрсөтүлгөн өлчөмдө белгиленет.
§ 4. Өнөр жай керектөөчүлөрү
Өнөр жай керектөөчүлөрү үчүн электр энергиясына тариф ушул ОМТСтин 1-тиркемесинин 4-пунктунда көрсөтүлгөн өлчөмдө белгиленет.
§ 5. Коммерциялык керектөөчүлөр
Коммерциялык керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына тариф ушул ОМТСтин 1-тиркемесинин 5-пунктунда көрсөтүлгөн өлчөмдө белгиленет.
§ 6. Бюджеттик керектөөчүлөр
Бюджеттик (республикалык/жергиликтүү бюджеттен каржылануучу бардык мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер) керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына тариф ушул ОМТСтин 1-тиркемесинин 6-пунктунда көрсөтүлгөн өлчөмдө белгиленет.
§ 7. Энергияны көп көлөмдө керектөөчүлөр
Энергияны көп көлөмдө керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына тариф ушул ОМТСтин 1-тиркемесинин 7-пунктунда көрсөтүлгөн өлчөмдө белгиленет.
§ 8. Энергиянын кайра жаралуучу булактары
Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен электр энергиясын өндүрүүчүлөр үчүн тариф ушул ОМТСтин 3-тиркемесине ылайык белгиленет.
3-глава. Корутунду
Ар бир эсептик жыл үчүн электр энергиясына тарифтер ушул ОМТСтин 1 жана 2-тиркемелерине ылайык түзөтүлөт. Электр энергиясына белгиленген тарифтерди колдонуу ушул ОМТСти ишке ашыруу мөөнөтүндө каралган мөөнөттүн ичинде жүзөгө ашырылат.
Көрсөтүлгөн топтор үчүн белгиленген тарифтерди туура жана өз убагында колдонуу үчүн, аларды энергия менен жабдуучу уюмдар жана электр энергиясын керектөөчүлөр тарабынан туура эмес чечмелөөгө жол бербөө үчүн электр энергиясына тарифтерди колдонуу ушул ОМТСтин 4-тиркемесине ылайык жүргүзүлөт.
|
| Кыргыз Республикасынын 2025-2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатына 1-тиркеме |
Акыркы керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына (Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун "Калк" жана "Насостук станциялар" керектөөчүлөрүнүн топторунан тышкары) (салыктарды эсепке албаганда) ТАРИФТЕР
№ | Керектөөчүлөрдүн топтору | Өлчөө бирдиги | 2025-ж. | 01.05.2026-ж. | 01.05.2027-ж. | 01.05.2028-ж. | 01.05.2029-ж. | 01.05.2030-ж. |
1 | Калк, анын ичинде: |
|
|
|
|
|
|
|
| 1) айына 700 кВт.с чейин керектөөдө | сом/кВт.с | 1,37 | 1,64 | 1,97 | 2,36 | 2,83 | 3,40 |
Өсүш | % | 23,8% | 20,0% | 20,0% | 20,0% | 20,0% | 20,0% | |
| 2) айына 700 кВт.с ашык керектөөдө | сом/кВт.с | 2,60 | тариф + инфляция жана 3,5% | тариф + инфляция жана 3,5% | тариф + инфляция жана 3,5% | тариф + инфляция жана 3,5% | тариф + инфляция жана 3,5% |
Өсүш | % | 8,5% | инфляция жана 3,5% | инфляция жана 3,5% | инфляция жана 3,5% | инфляция жана 3,5% | инфляция жана 3,5% | |
| 3) бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган калк | сом/кВт.с | 1,37 | 1,64 | 1,97 | 2,36 | 2,83 | 3,40 |
Өсүш | % | 23,8% | 20,0% | 20,0% | 20,0% | 20,0% | 20,0% | |
| 4) "үй-бүлөгө көмөк" - 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр айына 700 кВт.с чейин керектөөдө | сом/кВт.с | 0,50 | 0,50 | 0,50 | 0,50 | 0,50 | 0,50 |
Өсүш | % | - | - | - | - | - | - | |
| 5) "үй-бүлөгө көмөк" - 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр айына 700 кВт.с ашык керектөөдө | сом/кВт.с | 2,60 | тариф + инфляция жана 3,5% | тариф + инфляция жана 3,5% | тариф + инфляция жана 3,5% | тариф + инфляция жана 3,5% | тариф + инфляция жана 3,5% |
Өсүш | % | 8,5% | инфляция жана 3,5% | инфляция жана 3,5% | инфляция жана 3,5% | инфляция жана 3,5% | инфляция жана 3,5% | |
| 6) калк, чектөөсүз | сом/кВт.с | 3,81 | тариф + инфляция | тариф + инфляция | тариф + инфляция | тариф + инфляция | тариф + инфляция |
Өсүш | % | 5,0% | инфляцияга | инфляцияга | инфляцияга | инфляцияга | инфляцияга | |
2 | Социалдык жана коомдук керектөөчүлөр | сом/кВт.с | 2,62 | тариф + инфляция жана 3,5% | тариф + инфляция жана 3,5% | тариф + инфляция жана 3,5% | тариф + инфляция жана 3,5% | тариф + инфляция жана 3,5% |
Өсүш | % | 23,6% | инфляция жана 3,5% | инфляция жана 3,5% | инфляция жана 3,5% | инфляция жана 3,5% | инфляция жана 3,5% | |
3 | Электр мобилдерди кубаттоо боюнча станциялары | сом/кВт.с | 5,31 | тариф + инфляция жана 3,5% | тариф + инфляция жана 3,5% | тариф + инфляция жана 3,5% | тариф + инфляция жана 3,5% | тариф + инфляция жана 3,5% |
Өсүш | % | 8,5% | инфляция жана 3,5% | инфляция жана 3,5% | инфляция жана 3,5% | инфляция жана 3,5% | инфляция жана 3,5% | |
4 | Өнөр жай керектөөчүлөрү | сом/кВт.с | 3,34 | тариф + инфляция | тариф + инфляция | тариф + инфляция | тариф + инфляция | тариф + инфляция |
Өсүш | % | 5,0% | инфляцияга | инфляцияга | инфляцияга | инфляцияга | инфляцияга | |
5 | Коммерциялык керектөөчүлөр | сом/кВт.с | 3,96 | тариф + инфляция | тариф + инфляция | тариф + инфляция | тариф + инфляция | тариф + инфляция |
Өсүш | % | 5,0% | инфляцияга | инфляцияга | инфляцияга | инфляцияга | инфляцияга | |
6 | Бюджеттик керектөөчүлөр | сом/кВт.с | 4,09 | тариф + инфляция жана 3,5% | тариф + инфляция жана 3,5% | тариф + инфляция жана 3,5% | тариф + инфляция жана 3,5% | тариф + инфляция жана 3,5% |
Өсүш | % | 8,5% | инфляция жана 3,5% | инфляция жана 3,5% | инфляция жана 3,5% | инфляция жана 3,5% | инфляция жана 3,5% | |
7 | Энергияны көп көлөмдө керектөөчүлөр | сом/кВт.с | 6,06 | тариф + инфляция жана 3,5% | тариф + инфляция жана 3,5% | тариф + инфляция жана 3,5% | тариф + инфляция жана 3,5% | тариф + инфляция жана 3,5% |
Өсүш | % | 8,5% | инфляция жана 3,5% | инфляция жана 3,5% | инфляция жана 3,5% | инфляция жана 3,5% | инфляция жана 3,5% |
|
| Кыргыз Республикасынын 2025-2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатына 2-тиркеме |
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын жана Кара-Көл шаарынын "Калк" жана "Насостук станциялар" керектөөчүлөрүнүн топтору үчүн электр энергиясына тарифтер (салыктарды эсепке албаганда)
№ | Керектөөчүлөрдүн топтору | Өлчөө бирдиги | 2025-ж. | 01.05.2026-ж. | 01.05.2027-ж. | 01.05.2028-ж. | 01.05.2029-ж. | 01.05.2030-ж. |
1 | Калк, анын ичинде: |
|
|
|
|
|
|
|
| 1) айына 150 кВт.са чейин керектөөдө | сом/кВт.с | өз наркында | өз наркында | өз наркында | өз наркында | өз наркында | өз наркында |
Өсүш | % | - | - | - | - | - | - | |
| 2) айына 150 кВт.с ашык 700 кВт.с чейин керектөөдө | сом/кВт.с | 1,37 | 1,64 | 1,97 | 2,36 | 2,83 | 3,40 |
Өсүш | % | 23,8% | 20,0% | 20,0% | 20,0% | 20,0% | 20,0% | |
| 3) айына 700 кВт.с ашык керектөөдө | сом/кВт.с | 2,60 | тариф + инфляция жана 3,5% | тариф + инфляция жана 3,5% | тариф + инфляция жана 3,5% | тариф + инфляция жана 3,5% | тариф + инфляция жана 3,5% |
Өсүш | % | 8,5% | инфляция жана 3,5% | инфляция жана 3,5% | инфляция жана 3,5% | инфляция жана 3,5% | инфляция жана 3,5% | |
| 4) бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган калк | сом/кВт.с | 1,37 | 1,64 | 1,97 | 2,36 | 2,83 | 3,40 |
Өсүш | % | 23,8% | 20,0% | 20,0% | 20,0% | 20,0% | 20,0% | |
| 5) 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр айына 150 кВт.с ашык 700 кВт.с чейин керектөөдө | сом/кВт.с | 0,50 | 0,50 | 0,50 | 0,50 | 0,50 | 0,50 |
| Өсүш | % | - | - | - | - | - | - |
| 6) калк, чектөөсүз |
| 3,81 | тариф + инфляция | тариф + инфляция | тариф + инфляция | тариф + инфляция | тариф + инфляция |
Өсүш |
| 5,0% | инфляцияга | инфляцияга | инфляцияга | инфляцияга | инфляцияга | |
2 | Социалдык жана коомдук керектөөчүлөр | сом/кВт.с | өз наркында | өз наркында | өз наркында | өз наркында | өз наркында | өз наркында |
Өсүш | % | - | - | - | - | - | - |
Эскертүү:
1. "Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясына ылайык Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылындагы калк пайдаланган насостук станциялардын электр энергиясы үчүн төлөм Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген керектөө ченемдерин эске алуу менен Токтогул ГЭСинде иштелип чыккан электр энергиясынын өздүк наркы боюнча жүргүзүлөт.
Жеңилдиктердин кайталанышын болтурбоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-апрелиндеги № 206 "Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жашаган адамдарды мамлекеттик колдоонун кошумча чаралары жөнүндө" токтомуна ылайык белгиленген электр энергиясына төлөмдүн 50% өлчөмүндө компенсация ушул тиркеменин 1-пунктунун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн тарифке колдонулат.
2. Ушул тиркеменин 2-пунктунда көрсөтүлгөн тарифтер насостук станциялар үчүн гана колдонулат.
|
| Кыргыз Республикасынын 2025-2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатына 3-тиркеме |
Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен иштелип чыккан электр энергиясын өндүрүүчүлөр үчүн тарифтин чектүү деңгээли
№ | Керектөөчүлөрдүн топтору | Өлчөө бирдиги | 2025-ж. | 01.05.2026-ж. | 01.05.2027-ж. | 01.05.2028-ж. | 01.05.2029-ж. | 01.05.2030-ж. |
1 | Энергиянын кайра жаралуу булактары | сом/кВт.с | 3,40 | 3,40 | 3,40 | 3,40 | 3,40 | 3,40 |
|
| Кыргыз Республикасынын 2025-2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатына 4-тиркеме |
Электр энергиясына тарифтерди колдонуу боюнча НУСКАМА
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-июлундагы № 427, 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 237 , 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 297 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Электр энергиясына тарифтерди колдонуу боюнча нускама (мындан ары - Нускама) Электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатты (мындан ары - ОМТС) ишке ашыруунун алкагында колдонууга бекитилген электр энергиясына тарифтерди колдонуунун тартибин аныктайт, ошондой эле белгиленген тарифтер колдонула турган керектөөчүлөрдүн тизмегин аныктайт.
2-глава. Тарифтерди колдонуу чөйрөсү
2. Ушул Нускама менен белгиленген тарифтерди колдонуунун тартиби Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында электр менен камсыздоочу уюмдар тарабынан акыркы керектөөчүлөргө өндүрүлүүчү, берилүүчү, бөлүштүрүлүүчү жана сатылуучу электр энергиясына карата колдонулат.
3. Электр менен камсыздоочу уюм керектелүүчү электр энергиясынын багытын көрсөтүү жана иштин түрүн аныктоочу документтерди берүү менен керектөөчүнүн (абоненттин) арызы боюнча тарифтик топту белгилейт.
Берилүүчү документтердин тизмеги электр менен камсыздоочу уюм тарабынан аныкталат.
4. Электр менен камсыздоочу уюм Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан берилүүчү тизменин негизинде "Калк", "үй-бүлөгө көмөк" - 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр керектөөчүлөрүнүн тарифтик тобун колдонот.
3-глава. Тарифтердин түрлөрү
5. Бул Нускама менен акыркы керектөөчүлөргө активдүү электр энергиясынын керектөөчүлөргө берилген бир киловатт-саатына (кВт.с) төлөөдө тарифтердин төмөнкүдөй түрлөрүн колдонуу тартиби жөнгө салынат.
6. Бир ставкалуу тариф - бул 1 кВт.с үчүн белгиленген ставка, ал сутка убактысынан көз каранды эмес. Бир ставкалуу тариф электр менен жабдуучу уюмдар тарабынан бардык тиричиликтик эмес керектөөчүлөргө колдонулат.
7. Сутка убактысы боюнча дифференциацияланган тарифтер сутка убактысы боюнча керектөө режимине ылайык электр энергиясын эсепке алууну жүргүзүүгө мүмкүндүк берген катталган эсепке алуу системаларынын жана приборлорунун көрсөткүчтөрүнүн негизинде электр менен камсыздоочу уюмдар тарабынан колдонулат.
Дифференциацияланган тариф сутканын ар бир убакыттык мезгили үчүн белгиленген коэффициентке ылайык керектелген активдүү электр энергиясынын 1 кВт.с наркын аныктайт.
Сутка убактысы боюнча дифференциацияланган тарифтин багыты - энергетикалык системанын жүктөмүнүн суткалык графигин теңештирүү.
8. Сутка убактысы боюнча дифференциацияланган электр энергиясынын тарифтери сутка убактысы боюнча керектөө режимине ылайык электр энергиясын эсепке алууну жүргүзүүгө мүмкүндүк берген электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган маалыматтык-өлчөө системасынын катталган системаларына жана приборлоруна (ЭКЭМӨС) ээ болгон "Калк", "Электр мобилдерди кубаттоо станциялары", "Өнөр жай керектөөчүлөрү" жана "Коммерциялык керектөөчүлөр" керектөөчүлөр топтору үчүн электр менен камсыздоочу уюмдар тарабынан колдонулат.
9. Электр менен камсыздоочу уюмдун техникалык мүмкүнчүлүгү болгон учурда керектөөчү (абонент) төмөнкү шарттар аткарылган учурда аны менен керектелүүчү электр энергиясынын бардык көлөмүнө дифференциацияланган тарифти колдонуу жөнүндө келишим түзүүгө укуктуу:
1) "Электр мобилдерди кубаттоо станциялары", "Өнөр жай керектөөчүлөрү" жана "Коммерциялык керектөөчүлөр" топторунун керектөөчүлөрү үчүн керектелген электр энергиясынын жалпы көлөмү үчүн төлөм убакыттын ошол мезгилинде колдонулган тариф боюнча эсептелет. "Калк" керектөөчүлөр тобу үчүн айына 700 кВт саатка чейин керектөө көлөмү үчүн белгиленген тарифти колдонбостон, керектөөнүн 1-кВт саатынан тартып айына 700 кВт сааттан ашкан керектөөдө белгиленген тариф боюнча эсептелет;
2) керектөөчү сутканын ар бир убакыттык мезгили үчүн белгиленген коэффициенттерди колдонуу менен жогоруда көрсөтүлгөн тарифтер боюнча электр энергиясынын бардык керектелген көлөмүн төлөөгө милдеттенет:
- түнкү зона үчүн коэффициент (00:00дөн 06:00гө чейин) - 0,75;
- күндүзгү зона үчүн коэффициент (09:00дөн 18:00гө чейин жана 21:00дөн 00:00гө чейин) - 1,0;
- максимум сааттарда коэффициент (06:00дөн 09:00гө чейин жана 18:00дөн 21:00гө чейин) - 1,5.
4-глава. Керектөөчүлөрдүн топтору
10. Электр энергиясын бардык акыркы керектөөчүлөр керектелүүчү электр энергиясынын багыты боюнча 7 тарифтик топко бөлүнөт:
1) "Калк" тобу;
2) "Социалдык жана коомдук керектөөчүлөр" тобу;
3) "Электр мобилдерди кубаттоо станциялары" тобу;
4) "Өнөр жай керектөөчүлөрү" тобу;
5) "Коммерциялык керектөөчүлөр" тобу;
6) "Бюджеттик керектөөчүлөр (республикалык жана/же жергиликтүү бюджеттен каржылануучу керектөөчүлөр)" тобу;
7) "Энергияны көп көлөмдө керектөөчүлөр" тобу.
11. "Калк" тобуна кирбеген керектөөчүлөрдүн бардык топтору тиричиликтик эмес керектөөчүлөргө кирет.
5-глава. "Калк" тобуна берилүүчү электр энергиясына тарифтерди колдонуу
12. Калкка электр энергиясын берүү отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тарифтер боюнча электр энергиясын пайдалануунун мүнөзүнө жана көлөмдөрүнө карабастан жүргүзүлөт.
13. Көрсөтүлгөн тарифтер боюнча ар кандай тиричиликтик муктаждыктар үчүн турак жайларда, үйлөрдө жана батирлерде жашаган калк тарабынан сарпталган электр энергиясы, ошондой эле дачалык жана багбанчылык шериктештиктерине берилген электр энергиясы үчүн төлөм эсептелет.
14. "Калк" керектөөчүлөр тобу үчүн белгиленген тарифтер боюнча турак үйлөрдү жана жайларды (конок үйлөрдү) эс алуучуларга жана убактылуу жашоочуларга ижарага берген керектөөчүлөргө эс алуучулар жана убактылуу жашоочулар жок убакытка (туристтик сезон токтогондо) да төлөм эсептелет. Электр менен камсыздоочу уюм мындай абонент менен контракт түзүүгө милдеттүү, анда турак үйлөрдү жана жайларды ижарага берүүнүн узактыгы, бирок 3 айдан ашпаган узактыгы көрсөтүлүүгө тийиш. Турак үйлөрдү жана жайларды (конок үйлөрдү) эс алуучуларга жана убактылуу жашагандарга 3 айдан көп мөөнөткө ижарага берүүдө электр энергиясы үчүн акы төлөө алардын ишинин түрүнө ылайык келген тариф боюнча жүргүзүлөт.
Ошол эле учурда турак жайды ижарага алгандар же убактылуу жашагандар электр менен камсыздоочу уюм менен келишими (контракт) жок, "үй-бүлөгө көмөк" - 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр болсо, ОМТСтин 1-тиркемесинин 1-пунктунун 4-пунктчасында көрсөтүлгөн тариф колдонулат. Ошол эле учурда өзүнчө келишим түзүү талап кылынбайт.
15. Калк үчүн электр энергиясын айына 700 кВт.с өлчөмүндө жеңилдетилген керектөөнүн кепилденген көлөмүнүн чегинде (бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган калкты кошпогондо) керектөөдө социалдык багыттагы тариф колдонулат. Жеңилдетилген керектөөнүн кепилденген көлөмүнүн чегинде электр энергиясы үчүн төлөм электр менен камсыздоочу уюм тарабынан керектөөчүгө коюлган акы төлөө эсептеринде өзүнчө сап менен эсептелет.
16. Айына электр энергиясын керектөөнүн көлөмдөрүн эсептөөдө абоненттин электр энергиясын орточо суткалык керектөөсүн эске алуу зарыл, ал төмөнкүлөрдү түзөт:
700 кВт.с * 12 ай / 365 күн = 23,014 кВт.с.
Мында кепилденген лимиттин көлөмү бир айдагы күндөрдүн санына жараша болот.
17. Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган калк үчүн жыл бою бардык керектелген электр энергиясына социалдык багыттагы тариф колдонулат.
18. "Калк", "үй-бүлөгө көмөк" - 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр керектөөчүлөр топтору үчүн тариф бул адамдардын жашаган/жүргөн жери боюнча тиешелүү тизмелер берилген айдан кийинки айдын биринен тартып колдонулат жана төлөмдөр токтотулган айдан кийинки айдын биринен тартып токтотулат.
Жашаган/жүргөн жери өзгөргөн учурда тарифти колдонуу мөөнөтү:
- акыркы жашаган жери боюнча мындай өзгөрүүлөр болгон айдан кийинки айдын биринен тартып токтотулат;
- жаңы жашаган жери боюнча абонент жашап баштаган айдан кийинки айдын биринен тартып башталат.
"Калк", "үй-бүлөгө көмөк" - 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр керектөөчүлөр топтору үчүн тариф иш жүзүндө жашаган/жүргөн жери боюнча колдонулат жана эки же андан ашык дарекке карата колдонулбайт.
Электр менен камсыздоочу уюм менен түздөн-түз келишими жок, "үй-бүлөгө көмөк" - 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр керектөөчүлөрү электр менен камсыздоочу уюмга жашаган/жүргөн жери боюнча абоненттин жеке эсебин берет.
19. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын жана Кара-Көл шаарынын "Калк" керектөөчүлөр тобу үчүн тарифтер:
- айына 150 кВт.с чейин керектөөдө ОМТСтин 2-тиркемесинин 1-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн өлчөмдө колдонулат;
- электр энергиясын айына 150 кВт.с ашык 700 кВт.с чейин керектөөдө (бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган калктан, ошондой эле "үй-бүлөгө көмөк" - 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн тышкары) ОМТСтин 2-тиркемесинин 1-пунктунун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн өлчөмдө колдонулат;
- электр энергиясын айына 700 кВт.с ашык керектөөдө (бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган калктан тышкары) ОМТСтин 2-тиркемесинин 1-пунктунун 3-пунктчасында көрсөтүлгөн өлчөмдө колдонулат;
- бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашагандар үчүн ОМТСтин 2-тиркемесинин 1-пунктунун 4-пунктчасында көрсөтүлгөн өлчөмдө колдонулат;
- "үй-бүлөгө көмөк" - 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн электр энергиясын айына 150 кВт.с ашык 700 кВт.с чейин керектөөдө ОМТСтин 2-тиркемесинин 1-пунктунун 5-пунктчасында көрсөтүлгөн өлчөмдө колдонулат;
- бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган, "үй-бүлөгө көмөк" - 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн электр энергиясын айына 700 кВт.с ашык керектөөдө ОМТСтин 2-тиркемесинин 1-пунктунун 4-пунктчасында көрсөтүлгөн өлчөмдө колдонулат.
"Калк, чектөөсүз" керектөөчүлөр тобу үчүн тариф ОМТСтин 2-тиркемесинин 1-пунктунун 6-пунктчасында көрсөтүлгөн өлчөмдө колдонулат.
20. "Калк, чектөөсүз" керектөөчүлөр тобу үчүн тариф (майнинг максаттарынан тышкары) электр менен камсыздоочу уюмда техникалык мүмкүнчүлүк болгондо жана тиричиликтик керектөөчүлөрдүн ыктыярдуу негизинде 3 айдан кем эмес мөөнөткө колдонулат. Мында электр менен камсыздоочу уюм менен түзүлгөн жеке келишимге ылайык тариф керектелүүчү электр энергиясынын бардык көлөмүнө колдонулат жана 700 кВт.с керектөө ченеми колдонулбайт.
21. "Калк" керектөөчүлөр тобу үчүн электр энергиясы электр мобилдерди кубаттоо үчүн пайдаланылган учурда кошумча техникалык шарттар жана кубаттуулуктар берилбейт, электр энергиясы учурдагы (белгиленген) кубаттуулуктун чегинде колдонулат.
22. Тиричиликтик абонент электр энергиясын орточо суткалык керектөө өлчөмүнөн 23,014 кВт.с ашкан көлөмдө пайдаланган учурда төлөм ОМТСтин 1-тиркемесинин 1-пунктунун 2-пунктчасында жана ОМТСтин 2-тиркемесинин 1-пунктунун 3-пунктчасында көрсөтүлгөн тариф боюнча жүргүзүлөт. Бул тариф боюнча эсептелген электр энергиясынын наркы электр менен камсыздоочу уюм тарабынан керектөөчүгө коюлган акы төлөөгө эсептерде өзүнчө сап менен көрсөтүлөт.
23. Жалпы эсептөөчү эсептегич боюнча электр менен камсыздоочу уюмдар менен эсептешүүчү дача жана багбанчылык шериктештиктерине (жана аралаш жүктөм менен керектөөчү-алып сатуучулар болуп саналбаган) электр энергиясын берүү "Калк" тобу үчүн белгиленген тарифтер боюнча жүргүзүлөт.
Ар бир дачалык багбанчылык коомунда же шериктештигинде жеке тиричиликтик керектөөчүлөрдүн иш жүзүндөгү саны лицензиаттын (электр менен камсыздоочу уюмдун) өкүлүнүн катышуусу менен инвентаризациялоонун негизинде белгиленет.
Ошол эле учурда эсептөө биринчи "Калк" тобу үчүн тарифтин биринчи баскычы боюнча тиричиликтик керектөөчүлөрдүн санына көбөйтүлгөн 700 кВт.с өлчөмүндө электр энергиясын керектөөнүн көлөмүнө жүргүзүлөт. Андан кийин эсептөө керектөөчүнүн эсепке алуу приборунун көрсөткүчтөрү боюнча электр энергиясынын иш жүзүндө сарпталышы боюнча жүргүзүлөт, 700 кВт.с ашык керектөө көлөмү үчүн экинчи баскычтагы тариф боюнча акы төлөөнүн суммасы тарифтин биринчи баскычы боюнча эсептөөнү кемитүү менен аныкталат.
24. Дача жана багбанчылык шериктештиктери тарабынан сугарууга сарпталган электр энергиясы (насостук станция жамааттык болгон шартта) айыл чарба жерлерин сугарууну камсыз кылуучу "Социалдык жана коомдук керектөөчүлөр" керектөөчүлөр тобу үчүн белгиленген тариф боюнча өзүнчө төлөнөт.
25. Эсептөөнүн ушундай алгоритми "Калк" тобундагы керектөөчүлөр болгон жана жалпы эсепке алуу прибору боюнча эсептешүү жүргүзүүчү (жатакана, жалпы эсепке алынуучу мейманкана тибиндеги турак үйлөр жана башкалар) бардык тиричиликтик эмес абоненттер үчүн колдонулат.
26. Бир башкы эсепке алуу боюнча электр энергиясы үчүн эсептешүүчү жана бир жеке эсеби бар жеке жактардын тобу үчүн керектелген электр энергиясы үчүн төлөмдү эсептөө жалпы башкы эсепке алууга кошулган жеке тиричиликтик керектөөчүлөрдүн санын белгилеген инвентаризациялоонун негизинде жүргүзүлөт. Мында бир же бир нече керектөөчү катары "үй-бүлөгө көмөк" - 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпулун алган аз камсыз болгон үй-бүлө болсо, мындай керектөөчүнү идентификациялоо жеке эсептин жана Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан берилүүчү тизменин негизинде жүргүзүлөт.
Төлөмдү эсептөө "Калк" керектөөчүлөр тобу үчүн тарифтин биринчи баскычы боюнча биринчи кезекте тиричиликтик керектөөчүлөрдүн санына көбөйтүлгөн 700 кВт.с өлчөмүндөгү электр энергиясын керектөөнүн көлөмүнө жүргүзүлөт. Андан кийин эсептөө тарифтин керектөөчүнүн эсепке алуу приборунун көрсөткүчтөрү боюнча электр энергиясын иш жүзүндө сарптоо боюнча жүргүзүлөт, 700 кВт.с жогору керектөө көлөмү үчүн экинчи баскычтагы тариф боюнча төлөм суммасы биринчи баскычы боюнча эсептөөнү кемитүү менен аныкталат.
27. Баланстык тиешелүүлүктүн чегинде жайгашпаган, менчигинде трансформатордук подстанция (ТП), электр берүү линиялары (ЭБЛ) бар жана жалпы эсепке алуу приборлору боюнча эсептөөчү керектөөчүлөр үчүн эсептөө эсепке алуу приборлорунун көрсөткүчтөрү жана керектөөчүгө таандык болгон ТП жана ЭБЛ жоготуулардын чоңдугу боюнча жүргүзүлөт. Керектөөчүнүн тармагынын элементтериндеги жоготуулар үчүн эсептөө ушул керектөөчүгө колдонулган негизги тариф боюнча жүргүзүлөт, ал эми ар кандай топторго кирген бир нече керектөөчү кошулган учурда, тиричиликтик керектөөчүнүн жеке ТПга керектөөчүлөрдүн бир нече топторун кошкон учурда ТП жоготуулар тиешелүү топтордун тарифтери боюнча алардын ар айлык чыгымдарына пропорциялуу коюлууга тийиш. Башкы эсепке алуу боюнча "Калк" тобунун керектөөчүлөрү эсептешүү жүргүзгөн учурда керектөөчүнүн тармагынын элементтериндеги жоготуулар үчүн эсептөө ОМТСтин 1-тиркемесинин 1-пунктунун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн өлчөмдөгү тариф боюнча жүргүзүлөт. Ар бир абоненттин электр энергиясын керектөөнүн 700 кВт.с чейинки көлөмдөгү керектөөчүнүн тармагындагы жоготуулары кошулбайт.
28. Коммуналдык сектордун жашоочулары үчүн жалпы пайдалануудагы (прожекторлор, чырактар, подъездди жана подъезддин кире беришин жарык кылуучу лампочкалар, үйгө кирүүчү, үйдүн жанындагы тышкы жарыктандыруу, кире бериштеги жарыктандыруу, жогорулатуучу жана төмөндөтүүчү насостор, бойлер, желдетүү, түтүн жок кылуу, лифттин электр керектөөсү жана үй ичиндеги тармактарга кошулган жалпы пайдалануудагы электр энергиясын башка кабыл алгычтар) электр энергиясын керектөө үчүн төлөм ОМТСтин 1-тиркемесинин 1-пунктунун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн өлчөмдөгү тариф боюнча жүргүзүлөт.
29. Коммуналдык секторду тейлеген жана кондоминиумдардын, турак жай-курулуш кооперативдеринин, турак жай менчик ээлеринин шериктештиктеринин балансында турган электр отканалары керектеген электр энергиясы үчүн төлөм "Өнөр жай" тобу үчүн белгиленген тариф боюнча жүргүзүлөт.
30. Курулушу бүтө элек жана үйлөрү эксплуатациялоого бериле элек көп батирлүү турак үйлөрдө керектелген электр энергиясы "Өнөр жайы (өнөр жайы жана ага теңдештирилген керектөөчүлөр)" тобу үчүн белгиленген тарифтер боюнча төлөнөт.
31. "Калк" акыркы керектөөчүлөр тобуна турак үйлөр, батирлер, батир тибиндеги жатаканалар, коммерциялык эмес типтеги окуу жайлардын, мектеп-интернаттардын окуу жайларынын жатаканалары, аскерлештирилген мекемелердин гарнизондорунун казармалары жана жатаканалары, түзөтүү жайларынын тергөө изоляторлору жана башка министрликтердин жана ведомстволордун турак жай зоналары кирет.
32. Электр энергиясы калк тарабынан тиричиликтик эмес максаттарда (майнинг, тигүү өндүрүшү, мейманканалар, дүкөндөр, кеңселер ж.б.) пайдаланылган учурда электр энергиясы үчүн төлөм иштин түрүнө ылайык тариф боюнча жүргүзүлөт.
33. Турак жайларда мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү жеке жактардын жеке ишкердик ишин жүзөгө ашыруу боюнча "Мамлекеттик акселераторлор" программасынын катышуучулары үчүн керектөөнүн бардык көлөмүнө тариф ОМТСтин 1-тиркемесинин 1-пунктунун 2-пунктчасына ылайык колдонулат.
6-глава. "Социалдык жана коомдук керектөөчүлөр" тобуна берилүүчү электр энергиясына тарифтерди колдонуу
34. "Социалдык жана коомдук керектөөчүлөр" керектөөчүлөр тобу үчүн электр энергиясын берүү ОМТСтин 1-тиркемесинин 2-пунктунда көрсөтүлгөн өлчөмдөгү тариф боюнча жүргүзүлөт.
35. "Социалдык жана коомдук керектөөчүлөр" керектөөчүлөр тобу үчүн, атап айтканда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын жана Кара-Көл шаарынын насостук станциялары үчүн электр энергиясын берүү ОМТСтин 2-тиркемесинин 2-пунктунда көрсөтүлгөн өлчөмдө социалдык багыттагы тариф боюнча жүргүзүлөт.
36. "Социалдык жана коомдук керектөөчүлөр" тобунун керектөөчүлөрүнө төмөнкү акыркы керектөөчүлөр кирет:
1) калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуучу насостук станциялар жана скважиналар;
2) айыл чарба жерлерин сугарууну камсыз кылуучу насостук станциялар жана скважиналар;
3) суу түтүктөрү жана канализация чарбасынын ишканаларынын насостук станциялары жана скважиналары;
4) машина менен сугаруучу насостук станциялар, сугаруу каналдары, вертикалдуу дренаждын, тамчылатып сугаруунун скважиналары;
5) муниципалдык троллейбус деполору, ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташуунун тиешелүү кызматтарын көрсөтүү үчүн электр транспортун (троллейбустар жана электр автобустары) пайдалануучу жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканалары;
6) стационардык мекемелер (социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аккредитациялоо жөнүндө күбөлүккө ээ болууга, ошондой эле төмөнкүдөй мүнөздөмөлөрдүн бирине ылайык келүүгө тийиш):
- улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн социалдык стационардык мекемелер;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн социалдык стационардык мекемелер;
- жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн социалдык стационардык мекемелер;
7) жарым стационардык мекемелер (социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аккредитациялоо жөнүндө күбөлүккө ээ болууга, ошондой эле төмөнкүдөй мүнөздөмөлөрдүн бирине ылайык келүүгө тийиш):
- улгайган жарандарды, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды социалдык тейлөө борборлору (күндүзгү болуу бөлүмдөрү);
- балдар жана өспүрүмдөр үчүн социалдык баш калкалоочу жайлар;
- балдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын айрым категориялары үчүн социалдык-реабилитациялык борборлор;
- балдарга социалдык жардам көрсөтүү борборлору;
- түнөк жайлары;
- геронтологиялык борборлор;
- жалгыз бой улгайган жарандар үчүн атайын үйлөр;
- ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга жардам берүү борборлору;
- балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнө жардам берүү борборлору (социалдык адаптациялоо борборлору);
- баш калкалоочу жайлар (үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдар үчүн убактылуу болуу борбору);
- "Пробация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине ылайык реабилитациялык борборлор (социалдык жатаканалар);
- үй-бүлөлүк балдар үйү;
8) менчигинин түрүнө карабастан, турмуштук оор кырдаалда турган балдарга кызмат көрсөтүүчү жана балдардын күнү-түнү болуусу үчүн арналган интернат тибиндеги балдар мекемелери (социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аккредитациялоо жөнүндө күбөлүккө ээ болууга тийиш);
9) диний коомдор, борборлор, диний окуу жайлары, мечиттер, чиркөөлөр, синагогалар, сыйынуу үйлөрү, монастырлар жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган башка уюмдар.
10) төмөнкүдөй мүнөздөмөлөрдүн бирине ылайык келген футбол мекемелери жана уюмдары:
- "Кыргыз футбол биримдиги" юридикалык жактардын бирикмесинде аккредитациядан өткөн, ошондой эле Кыргыз футбол биримдигинин Футбол клубдарын лицензиялоо боюнча регламентине ылайык клубдук лицензиялоонун бардык милдеттүү талаптарына жооп берген кесипкөй футбол клубдары (менчигинин түрүнө карабастан);
- "Кыргыз футбол биримдиги" юридикалык жактардын бирикмесинде аккредитациядан өткөн, анын ичинде Эл аралык футбол ассоциацияларынын федерациясынын (FIFA) жана/же Азия футбол конфедерациясынын (АFC) академияларынын баалоо (рейтинг) системасына ылайык келген футбол академиялары (менчигинин түрүнө карабастан).
361. Сууну үнөмдөө чөйрөсүндөгү мамлекеттик программалардын алкагында сууну үнөмдөөчү тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системаларын колдонуу менен айыл чарба продукциясын өндүргөн чарбакер субъекттер үчүн электр энергиясын берүү ОМТСтин 1-тиркемесинин 2-пунктунда көрсөтүлгөн, 2025-жылдын 1-майынан тартып белгиленген өлчөмдөгү тариф боюнча жүргүзүлөт жана 2030-жылдын 1-майына чейин кийин көбөйтүлбөөгө тийиш.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 237 токтомунун редакциясына ылайык)
7-глава. "Электр мобилдерди кубаттоо боюнча станциялар" тобуна берилүүчү электр энергиясына тарифтерди колдонуу
37. "Электр мобилдерди кубаттоо боюнча станциялар" тобунун керектөөчүлөрүнө электр энергиясын берүү электр энергиясын пайдалануу мүнөзүнө, киргизүү тибине карабастан белгиленген тарифтер боюнча жүргүзүлөт.
38. "Электр мобилдерди кубаттоо боюнча станциялар" тобунун керектөөчүлөрү үчүн керектелген электр энергиясына төлөм ОМТСтин 1-тиркемесинин 3-пунктунда көрсөтүлгөн тариф боюнча жүргүзүлөт.
39. "Электр мобилдерди кубаттоо боюнча станциялар" тобунун керектөөчүлөрүнө электр мобилдерди кубаттоо боюнча бардык станциялар кирет.
8-глава. "Өнөр жай" тобунун керектөөчүлөрүнө берилүүчү электр энергиясына тарифтерди колдонуу
40. "Өнөр жай" (өнөр жай жана аларга теңештирилген керектөөчүлөр) тобу үчүн берилген электр энергиясы үчүн эсептешүү белгиленген тарифтер боюнча жүргүзүлөт.
41. Ушул эле тарифтер боюнча "Өнөр жай" тобунун керектөөчүлөрү өндүрүштүк муктаждыктарга жана өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес (бирок өндүрүш менен байланышкан) жайларды: цехтерди, завод башкармалыктарын, кеңселерди, фабрика-завод коомдук уюмдарын, кампаларды, гараждарды жана башкаларды, ошондой эле ишканалардын өздүк темир жол кирүүчү жолдорун жана аймактарын жарыктандырууга сарптаган электр энергиясына эсептешүү жүргүзүлөт.
42. "Өнөр жай" (өнөр жай жана аларга теңештирилген керектөөчүлөр) тобунун керектөөчүлөрүндө өндүрүш менен байланышпаган, анын ичинде өндүрүш менен бир аймакта жайгашкан жана жалпы электр тармактарына туташтырылган имараттар, жайлар жана курулмалар (турак жай шаарчалары, өзүнчө турак үйлөр, жатаканалар, мейманканалар, конок үйлөрү, кинотеатрлар, клубдар, маданият үйлөрү, ооруканалар, бейтапканалар, медпункттар, мончолор, сауналар, ашканалар, бала бакчалар, ясли, насостук станциялар жана ушул сыяктуулар) болушу мүмкүн. Мындай имараттар жана жайлар өзүнчө эсепке алуу приборлору менен жабдылууга тийиш. Өндүрүш менен байланышпаган мындай имараттарды жана жайларды жарыктандырууга жана башка муктаждыктарга сарпталган электр энергиясына эсептешүү керектөөчүлөрдүн тиешелүү топтору үчүн белгиленген тарифтер боюнча жүргүзүлөт.
43. Эгерде айрым цехтер же айрым объекттер негизги керектөөчүдөн обочолонуп жайгашса жана аны менен жалпы электр тармактары болбосо, бул цех же башка өзүнчө объекттер менен эсептешүүлөр ошол топтун негизги керектөөчүсү менен эсептешүүлөрдө колдонулган тарифке карабастан керектөөчүлөрдүн тиешелүү топтору үчүн белгиленген тарифтер боюнча жүргүзүлөт.
44. "Өнөр жай" (өнөр жай жана аларга теңештирилген керектөөчүлөр) тобунун керектөөчүлөрү тарабынан керектелген электр энергиясы үчүн төлөм ОМТСтин 1-тиркемесинин 4-пунктунда көрсөтүлгөн тариф боюнча жүргүзүлөт.
45. "Өнөр жай" (өнөр жай жана аларга теңештирилген керектөөчүлөр) тобунун керектөөчүлөрүнө продукцияны өндүрүүнү жана кайра иштетүүнү жүргүзгөн кандай гана болбосун уюштуруу түрүндөгү жана менчигиндеги ишканалар кирет, анын ичинде:
1) бирикмелер, өнөр жай ишканалары (заводдор, анын ичинде айыл чарба оңдоо ишканалары, айыл чарба машиналарын жана механизмдерин оңдоо боюнча устаканалар, ошондой эле илимий-изилдөө уюмдарынын тажрыйбалык заводдору, комбинаттар, фабрикалар, шахталар, кен чыгуучу жерлер, карьерлер, разрездер, мунай, газ өндүрүштөрү, бургулоо орнотмолору ж.б.);
2) өндүрүштүк устаканалар, басмаканалар, муздаткычтар, өндүрүш жана оңдоо базалары;
3) курулуш материалдарын чыгаруучу ишканалар;
4) курулуш жана монтаждоо иштерин түздөн-түз жүзөгө ашыруучу курулуш уюмдары, анын ичинде бул курулушту тейлөөчү көмөкчү транспорттук жана көмөкчү объекттер, айыл чарба курулуш уюмдары;
5) темир жол, суу, автомобиль, аба жана шаардык транспорт ишканалары (оңдоочу жана башка заводдор, темир жол жана автобустук деполор жана парктар, сорттоочу транспорттук объекттер, деңиз жана дарыя порттору, жүктү которуштуруучу базалар жана пункттар, автобазалар, мунай өткөргүчтөр, магистралдык газ өткөргүчтөрү жана башкалар);
6) байланыш ишканалары (кабелдик телекөрсөтүү компаниялары, теле жана радиокомпаниялар, радиостанциялар, телекөрсөтүү борборлору, ретрансляторлор, телефон жана телеграф түйүндөрү жана станциялар, уюлдук байланыш станциялары, интернет-провайдерлер, почтампттар жана башкалар);
7) коммуналдык чарба ишканалары (отканалар, жылуулук тармактар ишканалары, суу өткөргүч-канализация чарба ишканалары);
8) өнөр жай ишканаларын материалдык-техникалык жабдуу жана даярдоо ишканалары жана уюмдары (кампалар, элеваторлор, базалар, анын ичинде жүктү которуштуруучу базалар, ар кандай кабыл алуу пункттары, бөлүштүрүү жана даярдоо объекттери жана башкалар);
9) сүт жана сүт азыктарын, ун жана нан өндүрүү боюнча ишканалар, анын ичинде чакан тегирмендер, май бышкычтар, чакан наабайканалар, балмуздак өндүрүү боюнча цехтер;
10) алкоголсуз суусундуктарды өндүрүү боюнча ишканалар;
11) тамак-аш жана жеңил өнөр жай ишканалары, анын ичинде кондитердик жана тигүү цехтери;
12) этти, канаттууларды, балыкты жана жашылча-жемиш продукциясын кайра иштетүү боюнча ишканалар;
13) булгаары, жыгач жана металл иштетүү боюнча устаканалар;
14) өсүмдүк майын өндүрүү боюнча ишканалар;
15) оңдоочу-механикалык заводдор жана башка өнөр жай ишканалары;
16) өнөр жай ишканаларынын кампалары, базалары жана цехтери;
17) фасовкалоочу жана идиштерди оңдоочу ишканалар жана уюмдар;
18) цементти жана цемент продукцияларын өндүрүү боюнча ишканалар;
19) металл куюучу продукцияларды өндүрүү боюнча ишканалар;
20) металл эритүүчү продукцияларды өндүрүү боюнча ишканалар;
21) металл прокаты (ысык жана муздак) боюнча өндүрүш ишканалары;
22) дыйкан жана фермердик чарбалар;
23) мал чарба комплекстери, мал сарайлар жана айыл чарба продукциясын өндүрүү боюнча ишканалар;
24) өз алдынча же кооперативдик уюмдардын жана мекемелерге караштуу көмөкчү айыл чарбалары;
25) күнөскана жана күнөскана-парник чарбалары;
26) тоют жана бордоп семиртүүчү чарбалар (пункттар), мамлекеттик асыл тукум станцияларынын тоют чарбалары, жылкы заводдору, асыл тукум заводдору (чарбалары), асыл тукум мал чарбачылык питомниктери, станциялар (пункттар), асыл тукум малды даярдоо боюнча бирикмелер;
27) гренаж заводдору, пилла кургаткычтар, асыл тукум жибек станциялары;
28) канаттуулар фабрикалары, инкубатордук канаттуулар станциялары, асыл тукум канаттуулар заводдору (чарбалары);
29) балык өстүрүүчү заводдор (чарбалар), балык чарбалары, балык суу-мелиоративдик станциялар, балык питомниктери, балык пункттары;
30) аары питомниктери жана бал челектер;
31) айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорт сыноочу участоктору;
32) дары жана техникалык чийки затты өстүрүү боюнча айыл чарба ишканалары (чарбалары);
33) өсүмдүктөрдү коргоо станциялары, өсүмдүктөрдүн зыянкечтерине жана илдеттерине каршы күрөшүү боюнча экспедициялар жана отряддар;
34) биофабрикалар жана биокомбинаттар;
35) токой чарбалары, токойчулуктар, токой питомниктери, коруктар, аңчылык чарбалары, териси баалуу жаныбарлардын, иттердин питомниктери, коёндорду өстүрүү боюнча чарбалар, тери өстүрүүчү чарбалар;
36) ветеринардык лабораториялар (участоктор, пункттар), жаныбарлардын ылаңдарына каршы күрөшүү боюнча станциялар, эт-сүт жана тамак-аш контролдук станциялары;
37) суу буруу жана кургатуу системалары жана алардын эксплуатациялык участоктору.
9-глава. "Коммерциялык керектөөчүлөр" тобуна берилүүчү электр энергиясына тарифтерди колдонуу
46. Бардык коммерциялык жана башка керектөөчүлөргө электр энергиясын берүү киргизүү тибине карабастан белгиленген тарифтер боюнча жүргүзүлөт.
47. Электр энергиясын мончолордо, сауналарда, ошондой эле стационардык электр приборлордо (плиталарда, мештерде жана башкаларда) тамак бышыруу үчүн пайдаланган коммерциялык керектөөчүлөргө электр энергиясын берүү киргизүү тибине карабастан белгиленген тарифтер боюнча жүргүзүлөт.
48. Башка топторго кирбеген коммерциялык керектөөчүлөргө берилген электр энергиясы үчүн эсептешүү электр энергиясын киргизүү тибине жана пайдалануу максаттарына карабастан колдонуудагы тарифтер боюнча жүргүзүлөт.
49. Керектелген электр энергиясы үчүн "Коммерциялык керектөөчүлөр" тобунун керектөөчүлөрүнүн төлөмү ОМТСтин 1-тиркемесинин 5-пунктунда көрсөтүлгөн тариф боюнча жүргүзүлөт.
50. "Коммерциялык керектөөчүлөр" тобуна төмөнкүлөр кирет:
1) жалпыга маалымдоо каражаттары (гезиттердин, журналдардын редакциялары жана башкалар);
2) жарнама агенттиктери, кыймылсыз мүлк агенттиктери;
3) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкын кошпогондо, банктар, ломбарддар, микрокредиттик уюмдар жана башка финансылык-кредиттик мекемелер;
4) жабдууларды, машиналарды, приборлорду, мунай продукттарын жана башка өндүрүштүк жана курулуш багытындагы продукцияларды дүңүнөн жеткирүү боюнча сатуучу жана жабдуучу уюмдардын кампалары жана базалары, ошондой эле материалдык-техникалык жабдуунун жана соода уюмдарынын базалары;
5) коомдук, укук коргоочу уюмдар жана бирикмелер;
6) турак жай-эксплуатациялык башкармалыктар, ТЭШ, ТКК жана башка жашоочулардын бирикмелеринин юридикалык формалары (жеке муктаждыктарды кошуу менен);
7) илимий-изилдөө, долбоорлоо жана изилдөө институттары, эсептеп чыгаруучу борборлор, лабораториялар, конструктордук бюролор, башка илимий-изилдөө жана долбоорлоо-изилдөө мекемелери;
8) темир жол вокзалдары, пристандар, автовокзалдар, аэровокзалдар, аэродромдор, аэропорттор, автобустук станциялар;
9) гараждар жана жеке автомашиналар үчүн гараждык-курулуш кооперативдери, автопарктар, автомашина токтотуу жайлары, автомашинага май куюу станциялары, автомашина оңдоо устаканалары, техникалык тейлөө станциялары, автомашиналарды жуучу жайлар;
10) калкты тиричилик жактан тейлөөчү бардык ишканалар, чач тарачтар, фотоателье, ателье жана кийим, бут кийим, маданий-тиричилик багытындагы жана күндөлүк турмуштагы чарбалык буюмдарды оңдоо боюнча устаканалар, химиялык тазалоочу жана кир жуучу жайлар, прокаттык пункттар, мончолор, сауналар, душка түшүүчү жайлар жана тиричилик жактан тейлөөчү башка ишканалар;
11) менчик ооруканалар, бейтапканалар, профилакториялар, кеңеш берүүчү жайлар, төрөт үйлөрү, санаториялар жана башка дарылоо жайлары;
12) менчик мектептер, жогорку жана орто кесиптик окуу жайлар (техникумдар, окуу жайлары жана башка окуу жайлар);
13) менчик бала бакчалар жана яслилер, эс алуу лагерлери жана башка балдар мекемелери;
14) мейманканалар, эс алуу үйлөрү, пансионаттар, мотелдер, кемпингдер, туристтик базалар жана спорттук-ден соолукту чыңдоочу комплекстер, конок үйлөрү, хостелдер;
15) жеке киностудиялар, театрлар, концерттик залдар, кинотеатрлар, цирк жана башка жеке оюн көрсөтө турган ишканалар;
16) менчик музейлер, көргөзмөлөр, китепканалар, китеп окуучу жайлар, лекция окулуучу жайлар, планетарийлер, клубдар, маданият үйлөрү жана башка маданий-агартуу мекемелери;
17) менчик маданий жана эс алуу парктары, бактар, ботаникалык бактар, зоопарктар;
18) менчик стадиондор, ипподромдор, сууга сүзүү бассейндери, спорттук залдар жана башка спорттук курулмалар;
19) дүкөндөрдүн бардык түрлөрү, бутиктер, салондор, соода комплекстери, дарыканалар, алмаштыруу бюролору, офистик борборлор;
20) чакан дүкөндөр, чатырлар, автодүкөндөр, рынок, жарманкелер жана базарлар, мезгилдүү соода павильондору, бардык түрдөгү киосктор, үй дүкөндөрү;
21) соода кампалары, чекене сатуу базалары, соода уюмдарынын дүң базалары, жашылча-жемиш сактоочу жайлар, жашылча жана мөмө-жемиш базалары;
22) ашканалар, тез татым, кафелер, барлар, чай ичүүчү жерлер, ресторандар, буфеттер, фабрика-ашканалар, чала фабрикаттар комбинаттары, үй ашканалары;
23) оюн автоматтары залдары, интернет-кафелер жана башка кызыктыруучу жайлар;
24) менчигинин түрүнө карабастан, азык-түлүк, өнөр жай товарларын, чала фабрикаттарды түздөн-түз сатуучу, ошондой эле тамактарды жана суусундуктарды чыгаруучу коомдук тамактануу жана чекене соода тармагы ишканалары;
25) жогоруда көрсөтүлгөн тарифтик топтордун бирине да кирбеген башка керектөөчүлөр.
10-глава. "Бюджеттик керектөөчүлөр (республикалык жана/же жергиликтүү бюджеттен каржылануучу керектөөчүлөр)" тобу үчүн электр энергиясына тарифтерди колдонуу
51. "Бюджеттик керектөөчүлөр (республикалык жана/же жергиликтүү бюджеттен каржылануучу керектөөчүлөр)" тобуна электр энергиясын берүү электр энергиясын киргизүү тибине, пайдалануу мүнөзүнө карабастан белгиленген тарифтер боюнча жүргүзүлөт.
52. Бул топтун керектөөчүлөрү тарабынан керектелген электр энергиясы үчүн төлөм ОМТСтин 1-тиркемесинин 6-пунктунда көрсөтүлгөн тариф боюнча жүргүзүлөт.
53. Бюджеттик керектөөчүнүн негизги керектөөчүдөн өзүнчө эсепке алуу прибору бар жатаканасы жана ведомстволук турак үйлөрү, казармалык жана аскердик-кызматтык багыттагы турак үйлөрү жана жатаканасы бар болсо, мындай жатаканалар жана ведомстволук үйлөр керектеген электр энергиясы үчүн төлөм "Калк" тобу үчүн тариф боюнча жүргүзүлөт.
54. Бюджеттик керектөөчүнүн негизги керектөөчүдөн өзүнчө эсепке алуу прибору бар насостук станциялары болгон учурда мындай насостук станциялар керектеген электр энергиясы үчүн төлөм "Социалдык жана коомдук керектөөчүлөр" тобу үчүн тариф боюнча жүргүзүлөт.
55. Бюджеттик керектөөчүлөр негизги керектөөчүдөн өзүнчө эсепке алуу прибору бар жайларды бюджеттик керектөөчүлөр болуп саналбаган чарбакер субъекттерге ижарага берген учурда мындай ижарачылар тарабынан электр энергиясы үчүн төлөм алардын ишинин түрүнө ылайык келген тариф боюнча жүргүзүлөт.
56. Республикалык жана/же жергиликтүү бюджеттен каржылануучу керектөөчүлөргө төмөнкүлөр кирет:
1) мамлекеттик мекемелер;
2) мамлекеттик ооруканалар, бейтапканалар, профилакториялар, кеңеш берүүчү жайлар, төрөт үйлөрү, балдар тамак-ашынын сүт таркатуу пункттары;
3) мамлекеттик мектептер, жогорку жана орто кесиптик окуу жайлары (техникумдар, окуу жайлары жана башка окуу жайлар);
4) мамлекеттик бала бакчалар жана яслилер, эс алуу лагерлери жана башка балдар мекемелери;
5) мамлекеттик киностудиялар, театрлар, концерттик залдар, кинотеатрлар, цирктер жана башка оюн-зоок ишканалары;
6) мамлекеттик музейлер, көргөзмөлөр, китепканалар, китеп окуучу жайлар, лекториялар, планетарийлер, клубдар, маданият үйлөрү жана башка маданий-агартуу мекемелери;
7) мамлекеттик стадиондор, ипподромдор, сууда сүзүүчү бассейндер, спорт залдар жана башка спорттук курулмалар;
8) мамлекеттик ботаникалык бактар, зоопарктар;
9) бардык кызматтары менен аскердик бөлүктөр, бардык кызматтары менен аскердик окуу жайлар;
10) Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жана улуттук коопсуздук органдарынын ведомстволук башка ишканалары, мекемелери жана уюмдары;
11) сот бийлигинин органдары;
12) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы;
13) "Интернат тибиндеги балдар мекемелери, майыптар жана/же улгайган жарандар үчүн социалдык стационардык жана жарым стационардык мекемелер" тобундагы керектөөчүлөрдү кошпогондо, башка топторго киргизилиши мүмкүн болгон, бирок республикалык жана/же жергиликтүү бюджеттен толугу менен каржыланган кандай болбосун керектөөчүлөр да акыркы керектөөчүлөрдүн ушул тобуна киргизилиши керек.
11-глава. "Энергияны көп көлөмдө керектөөчүлөр" тобуна берилүүчү электр энергиясына тарифтерди колдонуу
57. "Энергияны көп көлөмдө керектөөчүлөр" тобуна электр энергиясын берүү киргизүү тибине карабастан белгиленген тарифтер боюнча жүргүзүлөт.
Эгерде айрым объекттер негизги керектөөчүдөн обочо жайгашса жана аны менен жалпы электр тармактары жок болсо, ушул цех же башка өзүнчө объекттер менен эсептешүү бул топтун негизги керектөөчүлөрү менен эсептешүүдө колдонулган тарифке карабастан, керектөөчүлөрдүн тиешелүү топтору үчүн белгиленген тарифтер боюнча жүргүзүлөт.
58. Электр энергиясын керектөөчүлөрдүн "Энергияны көп көлөмдө керектөөчүлөр" тобуна киргизүү керектелүүчү электр энергиясынын багытын көрсөтүү жана иштин түрүн аныктаган документтерди берүү менен керектөөчүнүн (абоненттин) арызы боюнча электр менен жабдуучу уюм тарабынан жүргүзүлөт.
59. Электр энергиясын керектөөдө "Энергияны көп көлөмдө керектөөчүлөр" тобу үчүн тариф ОМТСтин 1-тиркемесинин 7-пунктунда көрсөтүлгөн өлчөмдө кабыл алынат.
60. "Энергияны көп көлөмдө керектөөчүлөр" тобуна төмөнкүлөр кирет:
1) алтын кенин казуучу ишканалар;
2) алтын кен комбинаттары;
3) алтынды кайра иштетүүчү комбинаттар жана байытуучу фабрикалар;
4) аффинаждык ишканалар;
5) арак өндүрүү боюнча ишканалар;
6) ликер-арак азыктарын өндүрүү боюнча ишкана;
7) шарап материалдарын өндүрүү боюнча ишканалар;
8) шарап өндүрүү боюнча ишканалар;
9) көбүрмө шараптарды, шампандарды өндүрүү боюнча ишканалар;
10) шарап ичимдиктерин өндүрүү боюнча ишканалар;
11) коньяк өндүрүү боюнча ишканалар;
12) бренд өндүрүү боюнча ишканалар;
13) кальвадос өндүрүү боюнча ишканалар;
14) сыра өндүрүү боюнча ишканалар;
15) башка күчтүү алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү боюнча ишканалар;
16) башка алкоголу аз ичимдиктерди өндүрүү боюнча ишканалар;
17) майнинг (криптовалюта).
61. Электр энергиясын эсепке алуунун айрым приборлору болгон учурда тариф негизги өндүрүшкө тартылбаган ишканалардын башка түзүмдүк өндүрүштүк бөлүмдөрүнө колдонулбайт.
62. Объектти куруу мезгилинде "Энергияны көп көлөмдө керектөөчүлөр" тобуна "Өнөр жай" керектөөчүлөр тобу үчүн электр энергиясы үчүн тариф колдонулат.