Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезексиз XXVI сессиясынын
2024-жыл 30-апрелиндеги №1
Сайдыкум айыл аймагындагы ички ирригациялык курулуштарды муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
“Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-19-беренелерине, “Жергиликтүү мамлекеттик админстрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №52 токтомунун 6-пунктуна ылайык, Сайдыкум айыл өкмөтү, ирригациялык курулуштарды муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө “Мырзы-Суу” “Алмаз-Суу” суу пайланауучулар ассоциациясынын мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун чечимине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Мырзы-Суу” “Алмаз-Суу” суу пайланауучулар ассоциациясынын мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун ирригациялык объектилерди муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө өтүнүчү канааттандырылсын.
2. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошов:
1) “Мырзы-Суу” “Алмаз-Суу” суу пайланауучулар ассоциациясы менен биргеликте ирригациялык курулуштар түрүндөгү мүлктү муниципалдык менчикке кабыл алуу актысын түзүү;
2) “Мырзы-Суу” “Алмаз-Суу” суу пайдалануучулар ассоциациясы менен ирригациялык курулуштарды өткөрүү келишимин түзүп, аны малекеттик нотариус тарабынан күбөлөндүрүүгө жана мамлекеттик каттоо кызматында каттоодон өткөрүүнү жүргүзүү;
3) Ирригациялык курулуштарды муниципалдык менчиктин реестрине киргизүү милдеттендирилсин.
3. Ушул Сайдыкум айылдык Кеңешинин 2024-жылдын №1-токтому Жалал-Абад облустук юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасы |
Э.И.Досов |