Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезексиз XXVI сессиясынын
2024-жыл 30-апрелиндеги №3
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн техникаларынын
тарифин бекитүү жөнүндө
“Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-19-беренелерине, “Жергиликтүү мамлекеттик админстрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган техникаларынын тарифин бекитүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл аймагындагы ХCNG-145 WB маркасындагы эксковатор жана LOVOL FL 953техникасынын кызмат көрсөткөндүгү боюнча механизатордун эмгек акысы, күйүүчү май амортизациялык эсептөөлөрдү чегерүү максатында, LOVOL FL 953 техникасынын кызмат көрсөтүү үчүн 1 мото саатына 3500 сом болуп бекитилсин.
2. Бекитилген тарифтин негизинде LOVOL FL 953 техникасынын айдоочусу менен иш алып баруу жагы айыл чарба адиси Н.Абдыгапар уулуна жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасы |
Э.И.Досов |