Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезексиз XXVI сессиясынын
2024-жыл 30-апрелиндеги №5
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Кызыл-Ай айылынындагы
№48 “Келечек” балдар бакчасына мамлекеттик күбөлүк алуу жөнүндө
Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясында, Сайдыкум айыл аймагындагы Кызыл-Ай айылындагы №9 Ж.Асанов орто мектебинин жер тилкеси 3-02-05-1001-0177 сыр белгиси менен катталган бөлүнгөн жер аянты 32100,0 чарчы метр жер тилкесинин ичине курулган №48 “Келечек” балдар бакчасынын имаратына, жер тилкесине муниципалдык менчик укугу жөнүндөгү мамлекеттик акт алуу боюнча, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн №48 “Келечек” балдар бакчасынын директору Г.Токторбаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл аймагындагы Кызыл-Ай айылындагы №9 Ж.Асанов орто мектебинин жер тилкеси 3-02-05-1001-0177 сыр белгиси менен катталган бөлүнгөн жер аянты 32100,0 чарчы метр жер тилкесинин ичине курулган №48 “Келечек” балдар бакчасына жер тилкесин бөлүп берүү жагы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Базар-Коргон филиалынан мамлекеттик каттоодон өткөрүү жана мөөнөтсүз мөөнөтү көрсөтүлбөгөн мамлекеттик акт алуу жагы суралсын.
2. Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасы |
Э.И.Досов |