Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезексиз XXVI сессиясынын
2024-жыл 30-апрелиндеги №6
Депутаттык мандат ыйгаруу жөнүндө
Сайдыкум айылдык Кеңешинин депутаты Касымбек уулу Эрлан үй-бүлөлүк шартына байланыштуу жазган арызын угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айылдык Кеңешинин депутаты Касымбек уулу Эрлан үй-бүлөлүк шартына байланыштуу, депутаттык ыйгарым укуктары токтотулсун.
2. Кийинки талапкерди аныктап берүү үчүн Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Сайдыкум айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы Ж.С.Инаятовага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасы |
Э.И.Досов |