Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезексиз XXVI сессиясынын
2024-жыл 30-апрелиндеги №7
Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылына көрүстөнгө
жер ажыратуу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча, Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылындагы маркумдарды жерге коюучу көрүстөндүн толуп бара жаткандыгы жөнүндө, Сайдыкум айылдык Кеңешинин депутаты Т.Акматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылындагы маркумдарды жерге коюучу көрүстөндүн толуп бара жаткандыгына байланыштуу, көрүстөн үчүн жер тилкесин, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин Мыйзамынын 15-беренесинин 84 пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө 7-беренесине ылайык, иш алып баруу жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.
2. Даярдалган иш кагаздардын негизинде, Базар-Коргон мамлекеттик администрацияна Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө комиссиясына сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасы |
Э.И.Досов |