Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезексиз XXVI сессиясынын
2024-жыл 30-апрелиндеги №8
“Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт акысын бекитүү жөнүндө”
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жакынкы жана алыскы жайыт жерлеринен жыйналуучу жайыт акысын бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жакынкы жана алыскы жайыт жерлеринен жыйналуучу жайыт акысы бекитилсин.
2. 1,0 га жерге 1 шарттуу баш мал жандыкка акы төлөмдөрү төмөндөгүдөй баада бекитилсин.
-1 шарттуу баш – 1 баш ири мүйүздүү мал үчүн 120 сом;
-1 шарттуу баш – 1 баш жылкы, эшек үчүн 120 сом;
-1 шарттуу баш – 5 баш кой, эчки үчүн 120 сом.
3. Сайдыкум айыл аймагынын мал-чарба жана жайыт башкаруу адиси Д.Аскаровго, жайыт участоктору үчүн жер салыгын жыйноо жана тиешелүү салыктарды бюджетке багыттоо милдети жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасы |
Э.И.Досов |