Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезексиз XXVI сессиясынын
2024-жыл 30-апрелиндеги №9
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин
киреше, чыгаша бөлүмүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Абдыкадыровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин салык жыйым түрү боюнча киреше, чыгаша бөлүмүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бекитилген бюджетинин салык жыйым түрү боюнча киреше бөлүмүнүн II кварталынын 1-тиркемеге ылайык кыскартуу жагы Базар-Коргон финансы башкармалыгына сунушталсын.
2. Кемитилген пландан келип чыккан сумманы тактап, үнөмдөлгөн беренелер аркылуу бөлүп, аткаруу жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Абдыкадыровго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Сайдыкум айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасы |
Э.И.Досов |
Тиркеме 1
БЕКИТЕМИН
Сайдыкум айылдык Кеңешинин
төрагасы____________ Э.И.Досов
Сайдыкум айылдык Кеңешинин
VIII чакырылышынын
кезексиз XXVI сессиясынын
№9 токтому
2024-жыл 30-апрель
2024-жылдын бекитилген бюджетине салык жыйым түрү боюнча киреше бөлүмүн II кварталынан азайтуу боюнча.
К № | Киреше классификациясы | Кирешелердин аталышы | Суммасы |
1 | 11111100 | Салык агенти төлөөчү киреше салыгы | 650000 |
2 | 14151200 | Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн акы | 97500 |
|
| Жалпысы | 747500 |