САЙДЫКУМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги XXVII сессиясынын
2024-жыл 31-июлундагы №2
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин
чыгаша бөлүмүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Абдыкадыровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүмүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бекитилген бюджетинин 70111 аппарат бөлүмүнүн 3111 беренесине бекитилген 500,0 миң сом акча каражаты 1-тиркемеге ылайык өзгөртүү киргизилсин.
2. 2023-жылда “Таван скважинасына суу мунарасын курууга” бөлүнгөн акча каражаты жергиликтүү бюджетке кайтарылып, 2-тиркемеге ылайык жумуштарга жумшалсын.
3. Кошулган планга беренелер аркылуу бөлүп, аткаруу жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Абдыкадыровго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасы |
Э.И.Досов |
Тиркеме 1
БЕКИТЕМИН
Сайдыкум айылдык Кеңешинин
төрагасы ___________Э.И.Досов
Сайдыкум айылдык Кеңешинин
VIII чакырылышынын кезектеги
XXVII сессиясынын №2 токтому
2024-жыл 31-июль
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бекитилген бюджетине толуктоолорду киргизүү жөнүндө жергиликтүү коомчулуктун ой пикирлери, сунуштары изилденип, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана айыл өкмөтүнүн айыл башчылары менен биргеликте мектеп, балдар бакчаларда жана айылдарда жолугушуулардын жыйынтыгынын негизинде 70111 аппарат бөлүмүнүн 3111 беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү.
К № | Чыгымдоонун аталышы | Суммасы | Квартал |
1 | Тойчубек-Чек айылынын жаңы көчөлөрүнө шагыл төгүү | 160000 | III |
2 | Труба сатып алуу | 25000 | III |
3 | Сейдикум айылынын ички көчөлөрүнө шагыл төгүү | 155000 | III |
4 | Жаш-Ленин айылындагы скважина ремонтуна | 160000 |
|
| Жалпысы | 500000 |
|
Тиркеме 2
БЕКИТЕМИН
Сайдыкум айылдык Кеңешинин
төрагасы ___________Э.И.Досов
Сайдыкум айылдык Кеңешинин
VIII чакырылышынын кезектеги
XXVII сессиясынын №2 токтому
2024-жыл 31-июль
2023-жылда “Таван скважинасына суу мунарасын курууга” бөлүнгөн акча каражаты жергиликтүү бюджетке кайтарылып жумуштарга жумшалсын.
К № | Чыгымдоонун аталышы | Суммасы | Квартал |
1 | Айыл өкмөтүнүн жаңы имаратын курууга долбоор жасоого | 554854 | III |
| Жалпысы | 554854 |
|