Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги XXVII сессиясынын
2024-жыл 31-июлундагы №4
Комиссия курамын бекитүү жөнүндө
Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлүнүн, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө мыйзамын жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо үчүн Сыдыков Жыргалбек Асилбекович бекитилсин.
2. Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо үчүн сунушталган талапкерлердин тизмеси Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум Айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, этика жана коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасы |
Э.И.Досов |