Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги XXVII сессиясынын
2024-жыл 31-июлундагы №5
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Кызыл-Ай айылынын С.Досов көчөсү дарегинде жайгашкан 2800,0 чарчы метр жер тилкеси жөнүндө
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовдун билдирүүсүнүн негизинде, Кызыл-Ай айылынын С.Досов көчөсүндө жайгашкан №5 ҮДТнун имараты ээлеп турган жер тилкесинин түндүк-батыш тарабында жайгашып, муниципалдык менчикке 3-02-05-1001-0992 сыр белги менен белгиленип, Б№048725 сандуу жер участогун мөөнөтсүз пайдалануу укугу жөнүндө мамлекеттик акт менен катталган 2800,0 чарчы метр жер тилкесине, айыл өкмөтүнүн жаңы имаратын куруу жөнүндө маалыматты угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы, токтом кылат:
1. Кызыл-Ай айылынын С.Досов көчөсү дарегинде жайгашкан 3-02-05-1001-0992 сыр белги менен белгиленип, Б№048725 сандуу жер участогун мөөнөтсүз пайдалануу укугу жөнүндө мамлекеттик акт менен Сайдыкум айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине катталган 2800,0 чарчы метр жер тилкеси айыл өкмөттүн имаратын курууга ажыратылып берилсин.
2. Долбоордук сметалык документтерин даярдап берүү жагы Базар-Коргон райондук шаар куруу Архитектура башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасы |
Э.И.Досов |