Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги XXVII сессиясынын
2024-жыл 31-июлундагы №6
Сайдыкум айыл аймагынын Чоң-Курулуш айылындагы Падачы участкасынан калкка турак жай куруу үчүн трансформация болуп,
бөлүнүп берилген жер аянтынын башкы планына
өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 22-февраль 2019-жылдагы №85 токтомунун негизинде, калкка турак-жай курууга трансформация болгон Сайдыкум айыл аймагындагы Чоң-Курулуш айылындагы Падачы участкасынан бөлүнүп берилген 10,0 га жер аянтынан ген план боюнча 132 даана жер аянты белгиленген. Натурада болгондо 130 даана участок болуп калгандыгына байланыштуу, башкы планына өзгөртүү киргизүү менен катар номерин иреттеп, жасоого макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасы |
Э.И.Досов |