Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги XXVII сессиясынын
2024-жыл 31-июлундагы №7
Сайдыкум айыл аймагындагы Кызыл-Ай айылында жайгашкан мурдагы колхоз мезгилиндеги кампанын чыгыш тарабында турак-жай курулуш жайгашкан 700,0 чарчы метр жер тилкеси жөнүндө
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл аймагындагы Кызыл-Ай айылында жайгашкан мурдагы колхоз мезгилиндеги кампанын чыгыш тарабында турак-жай курулушу жайгашкан 700,0 чарчы метр 3-02-05-1001-0171 сандуу сыр белгиси менен катталган жер тилкесин максаттуу пайдалануу багытын турак жай багытына өзгөртүү боюнча, тийиштүү мекемелердин уруксат берүүчү документтеринин негизинде, максаттуу багытына жараша өзгөртүп берүү жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасы |
Э.И.Досов |