Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги XXVII сессиясынын
2024-жыл 31-июлундагы №8
Сайдыкум айыл аймагынын №37-Сейдикум орто мектеби жөнүндө
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовдун билдирүүсүнүн негизинде, Сайдыкум айыл аймагынын №37-Сейдикум орто мектеби айланасындагы, тосмолоо үчүн тоскоолдук жараткан жана курулуш материалдары катары керек болгон 5(беш) түп тал, 38(отуз сегиз) түп теректерди кыюу маселесин угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл аймагынын №37-Сейдикум орто мектеби айланасындагы, тосмолоо үчүн тоскоолдук жараткан жана курулуш материалдары катары керек болгон 5(беш) түп тал, 38(отуз сегиз) түп теректерди кыюу эко.тех.инспекциясынын макулдашуусу менен жүргүзүлсүн.
2. Кыйылган тал, теректерди максаттуу пайдаланууга Сайдыкум айыл өкмөтүнөн комиссия түзүлүп, түзүлгөн комиссиянын чечими менен иш алынып барылсын.
3. Токтомдун аткарылышын аткаруу жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жолдошовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасы |
Э.И.Досов |