Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги XXVII сессиясынын
2024-жыл 31-июлундагы №9
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовдун билдирүүсү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин чек ара кызматы 2027 аскер бөлүгүнүн 2024-жылдын 13-майындагы №06 катына негиз, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Сейдикум” чек ара заставасынын Сайдыкум айыл аймагындагы Хажир-Абад айылынын түштүк тарабында жайгашкан адыр жеринде пайдаланууга жараксыз болуп турган жер аянтын мамлекеттин муктаждыгы үчүн (окуу, машыгуу) суралган 2,60 га жер аянтын КР УКМК чек ара кызматына пайдаланууга берүүгө тийиштүү иш-кагаздарын даярдап берүү жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасы |
Э.И.Досов |