Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги XXVII сессиясынын
2024-жыл 31-июлундагы №10
Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылында жайгашкан
С.Досов көчөсүндөгү бош жаткан жер тилкесин
муниципалдык менчик реестрине каттоо жөнүндө
Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылында жайгашкан С.Досов көчөсүнүн (жолдун) түндүк-батыш тарабында жайгашкан ирригациялык курулмалар менен чектешип турган муниципалдык жер тилкелеринин аралыктарын аныктоо жөнүндө маселени угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII кезектеги XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери тууралуу жобонун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы №606, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №307, 2022-жылдын 29-июлундагы №403-токтомдорунун редакцияларына ылайык, ирригациялык курулмалар менен чектешип турган бош жаткан жер тилкелеринин аралыктары 4 (төрт) метр өлчөмдө белгиленсин.
2. Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Сайдыкум Айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасы |
Э.И.Досов |