Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги XXVII сессиясынын
2024-жыл 31-июлундагы №11
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Аркалык айылына жаңы шайлоо участкасын уюштуруу жөнүндө
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовдун билдирүүсүнө жана Аркалык айылынын тургундарынын элдик жыйынынын протоколунун арызына негиз, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн №2138 Жаш-Ленин шайлоо участкасы Аркалык айылынын шайлоочуларына жолдун узактыгы ыңгайсыз болгондугуна байланыштуу, жаны шайлоо участкасын уюштуруу жана шайлоочуларга жакшы ынгайлуу шарт түзүп берүү максатында, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы, токтом кылат:
1. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Аркалык айылынын шайлоочуларына жаны шайлоо участкасын уюштурууга жана шайлоочуларга жакшы ынгайлуу шарт түзүп берүү максатында, Аркалык айылына шайлоо участкасы уюштурулсун.
2. Аркалык айылына жаңы шайлоо участкасын уюштуруу боюнча Аймактык Шайлоо Комиссиясына билдирилсин.
3. Жаңы шайлоо участкасын уюштуруу боюнча керектүү иш кагаздарды даярдоо жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум Айылдык Кеңешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана экология, өзгөчө кырдаал, спорт жана жаштар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасы |
Э.И.Досов |