Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги XXVII сессиясынын
2024-жыл 31-июлундагы №13
Сайдыкум айыл аймагынын “Ардактуу айымы”
наамын берүү жөнүндө
Сайдыкум айылдык Кеңешинин депутаттары, Сайдыкум айыл аймагынын жарандарына “Ардактуу атуул” наам берүү маселесин угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы, токтом кылат:
1. Сайдыкум айыл аймагында көп жылдар бою медицина тармагында үзүрлүү эмгектенип, элдин арасында кадыр-баркка ээ болгон, азыркы учурда ардагер эс алууда жүргөн, Кызыл-Ай айылынын тургуну Бекташова Айнагүл Рашидовна Сайдыкум айыл аймагынын “Ардактуу айымы” наамы ыйгарылсын.
2. “Ардактуу айымы” наамын ыйгаруу үчүн, төш белгилерди жасатууга кеткен акча каражатын камсыз кылып берүү жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын аткаруу жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасы |
Э.И.Досов |