Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги XXVII сессиясынын
2024-жыл 31-июлундагы №14
Сайдыкум айыл аймагынын жаранына “Ардактуу атуул”
наам ыйгаруу жөнүндө
Сайдыкум айылдык Кеңешинин депутаттары, Сайдыкум айыл аймагынын жарандарына “Ардактуу атуул” наам берүү маселесин угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы, токтом кылат:
1. Сайдыкум айыл аймагында көп жылдар бою элге кызмат көрсөтүп, элдин көйгөйүн чечип, элдин арасында кадыр-баркка ээ болгон, азыркы учурда социалдык-экономиканын өнүгүүсүнө айылдык кеңештин депутаты катары зор салымын кошуп келе жаткан, Жаш-Ленин айылынын тургуну Дженалиев Жаныбек Сатвалдиевичке Сайдыкум айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамы ыйгарылсын.
2. “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу үчүн, төш белгилерди жасатууга кеткен акча каражатын камсыз кылып берүү жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын аткаруу жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасы |
Э.И.Досов |