Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги XXVII сессиясынын
2024-жыл 31-июлундагы №15
Сайдыкум айыл өкмөтүнө Муниципалдык ишканасын
түзүү жөнүндө
Сайдыкум айыл аймагына калкты тейлөө үчүн Кыргыз Республикасынын “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамынын 11-беренесине ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик админстрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, аймактын жашоо-тиричилигин камсыздоо тутумун иштешин жана өнүгүшүн, социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жана калкка социалдык-маданий кызмат көрсөтүүнү уштуруу максатында Муниципалдык ишканасын бекитүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы, токтом кылат:
1. Сайдыкум айыл аймагына Муниципалдык ишканасы юридикалык жак катары түзүлсүн жана төмөнкүдөй аталсын:
2. Юридикалык жактын толук муниципалдык ишкананын фирмалык аталышы: “Сайдыкум-Айыл чарба” Муниципалдык ишканасы.
3. Мамлекеттик тилде: “Сайдыкум-Айыл чарба” Муниципалдык ишканасы.
4. Расмий тилде: Муниципальное предприятие “Сайдыкум-Айыл чарба”
5. Дареги: Кыргыз Республикасы Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району, Сайдыкум айылдык аймагы, Кызыл-Ай айылы С.Досов көчөсү №151-Б.
6. Сайдыкум айыл аймагына караштуу “Сайдыкум-Айыл чарба” муниципалдык ишканасынын Уставы бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
7. Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин негизинде “Сайдыкум-Айыл чарба” Муниципалдык ишканын жетекчисин жана кызматчыларын конкурс аркылуу жумушка кабыл алуу жана конкурс жарыялоо жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго сунушталсын.
8. Бул токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.
9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасы |
Э.И.Досов |