Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги XXVII сессиясынын
2024-жыл 31-июлундагы №16
Сайдыкум айыл аймагынын Чоң-Курулуш айылынын Сай участкасындагы көчөсүнө ысым коюу жөнүндө
Сайдыкум айыл аймагынын Чоң-Курулуш айылынын, Сай участкасындагы жашоочуларынын протоколуна негиз, Чоң-Курулуш айылынын Сай участкасындагы көчөсүнө көп жылдар бою билим берүү тармагында директорлук кызматта эмгектенген маркум Сулайманов Жусуптун ысымын коюп берүү боюнча арызын, протоколу менен угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы токтом кылат:
1. Сайдыкум айыл аймагынын Чоң-Курулуш айылынын, Сай участкасында жашаган тургундарынын көчөгө ат коюу боюнча өткөрүлгөн жыйынынын протоколу бекитилсин.
2. Сайдыкум айыл аймагынын Чоң-Курулуш айылынын, Сай участкасындагы көчөсүнө көп жылдар бою билим берүү тармагында эмгектенген Сулайманов Жусуптун аты бекитилсин.
3. Бекитилген көчөгө аты жазылган пано үй номерлеринин таблицаларынын жазып, орнотуу Сулайманов Жусуптун үй-бүлөсүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Атабекова жүктөлсүн.
Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасы |
Э.И.Досов |