Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезексиз XXVIII сессиясынын
2024-жыл 21-августундагы №1
Сайдыкум айыл аймагындагы ирригациялык курулмаларды
УОСко өткөрүү жөнүндө
Базар-Коргон райондук суу чарба башкармалыгынын 2024-жылдын 19-август №01-6/128 чыгыш сандуу катка негиз, Сайдыкум айыл аймагындагы “Мырза-Суу” жана “Алмаз-Суу” СПАларынын карамагындагы ички чарбалык каналдарын жана тийиштүү каражаттарын КРМКнын №207 токтому боюнча Базар-Коргон райондук комиссиясынын тактоо актысынын негизинде, Базар-Коргон райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүү боюнча маселени угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы, токтом кылат:
1. Сайдыкум айыл аймагындагы “Мырза-Суу” жана “Алмаз-Суу” Суу пайдалануучулар ассоцияларын (СПА) Базар-Коргон райондук Суу чарба башкармалыгына (УОСтун) балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары |
А.Ж. Маматсаева |