Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезексиз XXVIII сессиясынын
2024-жыл 21-августундагы №4
Сайдыкум айыл аймагындагы Хажир-Абад айылындагы №319-контурдагы 7,90 га асылдыгы төмөн жер аянты жөнүндө
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануу тууралуу маалыматынын, Жалал-абад областтык жерге жайгаштыруу экспедициясынын 16.02.2024-жылдагы №01/128 тактамасынын, түштүк аймактык топурак изилдөө лабороториясынын тактамынын жана “Ала-Тоо” дыйкан чарбасынын арызынын негизинде, Сайдыкум айыл өкмөтүндөгү Дөш айылындагы №319 контурдагы 7.90 га асылдуулугу төмөн жер аянты жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы, токтом кылат:
1. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануу тууралуу маалыматтынын, Жалал-Абад областтык жерге жайгаштыруу экспедициясынын 16.02.2024-жылдагы №01/128 тактамасынын, Түштүк аймактык топурак изилдөө лабороториясынын асылдуулугун аныктоо боюнча №351 келишиминин негизинде, Сайдыкум айыл өкмөтүндөгү Дөш айылындагы №319 контурдагы 7.90 га асылдуулугу төмөн жер аянтынын ижара акысы асылдуулугу төмөн айдоо жерлерге эсептелүүчү ижара акысынын өлчөмүндө эсептелинсин.
2. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануу Сайдыкум айыл өкмөтүндөгү Дөш айылындагы №319 контурдагы 7.90 га асылдуулугу төмөн жер аянтынын тууралуу маалыматтынын жана Дөш айылындагы №319 контурдагы 7.90 га асылдуулугу төмөн жер аянтынын ижара акысынын өлчөмүн өзгөртүп берүүгө Базар-Коргон райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына маалымат берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары |
А.Ж. Маматсаева |