Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезексиз XXVIII сессиясынын
2024-жыл 21-августундагы №5
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча түшүүчү толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Абдыкадыровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, 2024-жылдын бекитилген бюджетине республикалык бюджеттен келүүчү 1035700 миң сом акча каражатын бекитүү жөнүндө Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бекитилген бюджетине республикалык бюджеттен келүүчү 1035700 миң сом акча каражаты киреше бөлүмүнө киргизилсин.
2. Республикалык бюджеттен келүүчү 1035700 миң сом акча каражаты, коомдук муктаждыктардын алдын алуу үчүн 1-тиркемеге ылайык каржыланып, аткаруу жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовко милдеттендирилсин.
3. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бекитилген бюджетине республикалык бюджеттен келүүчү 1035700 миң сом акча каражатын аткарыла турган жумуштарга беренелер аркылуу бөлүп, аткаруу жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Абдыкадыровко тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовко милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары |
А.Ж. Маматсаева |
Тиркеме 1
БЕКИТЕМ
Сайдыкум айылдык
Кеңешинин төрагасынын
орун басары_________А.Маматсаева
Сайдыкум айылдык Кеңешинин
VIII чакырылышынын кезексиз
XXVIII сессиясынын №5 токтому
2024-жыл 21-август
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетине толуктоолорду киргизүү жөнүндө жергиликтүү коомчулуктун ой пикирлери, сунуштары изилденип, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана айыл өкмөтүнүн айыл башчылары менен биргеликте мектеп, балдар бакчаларда жана айылдарда жолугушуулардын жыйынтыгынын негизинде такталган муктаждыктары.
№ | Чыгымдоонун аталышы | Чыгымдоонун суммасы | Квартал |
1 | Кызгалдак балдар бакчасынын электр линияларын оңдоо | 35000 | III |
2 | Дукур мектебине кудук куруу | 35000 | III |
3 | Абдукеримов мектебине суу насос, электр монтаж | 30000 | III |
4 | Улукбек мектебинин электр линияларын ондоо | 20700 | III |
5 | Кызыл-Ай сугат суу скважинасын ондоо | 160000 | III |
6 | Скважина ремонтуна кошумча каражат | 460000 | III |
7 | Шагал ямочный ремонт | 115000 | III |
8 | №9 Ж.Асанов мектебине жабдууларды сатып алуу долбооруна өздүк салым | 180000 | III |
| Баары: | 1035700 |
|