Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 28-ноябры №1
Базар-Коргон шаардык кеңешинин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын №3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20- октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын кезектеги I-сессиясы токтом кылат:
1. Базар-Коргон шаардык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын шаардык кеңештин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын №3- протоколу бекитилсин.
2. Базар-Коргон шаардык кеңештин төрагасы болуп Анарбеков Курманбек Кубанычович шайлангандыгы таанылсын.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага: |
Х.Р. Хусанбаев |