Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 28-ноябры №2
Базар-Коргон шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарларын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20- октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 41-беренесинин 1-пунктун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен Базар-Коргон шаардык кеңешинин төрагасынын сунушунун негизинде, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын кезектеги I-сессиясы токтом кылат:
1. Базар-Коргон шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлары болуп Хамиткулова Дилдарохон Анварбековна жана Урмаматов Мелис Анарбекович шайлангандыгы таанылсын.
2. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага: |
К.К. Анарбеков |