Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 28-ноябры №3
Элдик Курултайга Базар-Коргон шаарынан делегаттарды шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы “Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” № 271 сандуу Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн №860-б сандуу буйругун, 27.11.2024-жылкы чыгыш №01-17/2288 саны менен катталган Базар-Коргон шаарынын мэринин биринчи орун басары Ө.Мурзаевдин каты, Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын календардык планында көрсөтүлгөн тийиштүү пунктары боюнча карап чыгып талкуулап, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын I-сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы “Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” № 271 сандуу Жарлыгынын негизинде Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын календардык планынын тийиштүү пунктары боюнча колдоого алынсын.
2. Кезектеги III Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы №1-тиркемеге ылайык бекитилсин
3. Кезектеги III Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйынга катыша турган өкүлдөрүн шайлоо үчүн өтүлүүчү жыйындардын өткөрүү графиги жана жыйындарды өткөрүүгө жооптуу депутаттардын тизмеси №2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Кезектеги III Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту сактоо жагы Базар-Коргон РИИБнүн башчысына жүктөлсүн.
5. Токтомду аткаруу жана уюштуруу иштерин алып баруу жагы Базар-Коргон шаар мэринин биринчи орун басары Ө.Мурзаевге жүктөлсүн.
6. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
7. Аталган токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Жалал-Абад областтык Адилет башкармалыгына каттоого берүү, шаардык кеңештин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Урмаматов Мелис Анарбековичке милдеттендирилсин
Төрага: |
К.К. Анарбеков |
№1 тиркеме
Базар-Коргон шаардык кеңешинин
2024-жылдын 28-ноябрындагы
II-чакырылышынын кезектеги
I- сессиясынын №3-токтомуна
Элдик Курултайга Базар-Коргон шаарынан делегаттарды шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы
№ | Ф.А.А. | кызматы |
1 | Анарбеков Курманбек Кубанычович | Төрага |
2 | Хусанбаев Хайбатулла Рахматиллаевич | депутат |
3 | Саттаров Муратжан Ташмаматович | депутат |
4 | Абдисаматова Рахима Якяжановна | депутат |
5 | Ахмадалиев Маматкадыр | мэриянын кызматкери |
6. | Абдырахманов Нурбек | мэриянын кызматкери |
7. | Турдукулов Медет | мэриянын кызматкери |
Базар-Коргон шаардык
кеңешинин төрагасы: К.К.Анарбеков
№2 тиркеме
Базар-Коргон шаардык кеңешинин
2024-жылдын 28-ноябрындагы
II-чакырылышынын кезектеги
I-сессиясынын №3 –токтомуна
Элдик Курултайга Базар-Коргон шаарынан делегаттарды шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйынга катыша турган өкүлдөрүн шайлоо үчүн өтүлүүчү жыйындардын графиги жана жыйындарды өткөрүүгө жооптуу депутаттары
№ | Шайлоо участкасы | Элдин саны | Жыйын өтүүчү күнү, убактысы | Жыйын өтүүчү орду | Көрсөтүлгөн делегаттардын саны | Жооптуу депутаттар |
1 | Юбилейная №2131 | 4666 | 03.12.2024 саат 17-00 | №30 Ө.Атабекова мектеби | 15 | Абдисаматова Р. Жуманазаров Э. Закиров И. Калдаров Т. Марамов С. Урмаматов М. Ташиева К. |
2 | Дзержинский-1 №2132 | 4142 | 04.12.2024 саат 17-00 | №3 Бабур мектеби | 10 | Мирзахмедов Т. Токтосинов С. Сатаров Р. |
3 | Дзержинский-2 №2448 | 4239 | 04.12.2024 саат 17-00 | №3 Бабур мектеби | 11 | Мирзахмедов Т. Токтосинов С. Сатаров Р. |
4 | Московский №2133 | 4249 | 05.12.2024 саат 17-00 | №1 Макаренко мектеби | 11 | Саттаров М. Хамиткулова Д. Хусанбаев Х. Шарипов М. |
5 | Базар-Коргон №2375 | 4438 | 05.12.2024 саат 17-00 | №1 Макаренко мектеби | 12 | Саттаров М. Хамиткулова Д. Хусанбаев Х. Шарипов М |
6 | Бөкөнбаев №2376 | 3533 | 05.12.2024 саат 17-00 | 31 Макаренко мектеби | 8 | Саттаров М. Хамиткулова Д. Хусанбаев Х. Шарипов М |
7 | Ленин-МТФ №2422 | 3950 | 04.12.2024 саат 12-00 | №26 Худайбердиев мектеби | 17 | Базаркулова Г. Джамалдинов З. Махкамов А. Махкамова О. Мирзабаев И.
|
8 | Кеңеш №2135 | 4901 | 04.12.2024 саат 12-00 | №26 Худайбердиев мектеби | 17 | Базаркулова Г. Джамалдинов З. Махкамов А. Махкамова О. Мирзабаев И.
|
9 | Жети-Кошкон №2377 | 1361 | 04.12.2024 саат 12-00 | №26 Худайбердиев | 8 | Базаркулова Г. Джамалдинов З. Махкамов А. Махкамова О. Мирзабаев И.
|
10 | Комсомол №2134 | 4638 | 04.12.2024 саат 15-00 | №4 Навои мектеби | 15 | Жамалов С. Юсупов Д. |
|
|
|
|
|
|
|
11 | Сай-Коргон №2421 | 3750 | 05.12.2024 саат 12-00 | У.Колдошева мектеби | 16 | Жалилов А. |
12 | Беш-Бадам №2136 | 1920 | 05.12.2024 саат 15-00 | №23 Эралиев мектеби | 6 | Мажиев Н. |
13 | Кара-Үнкүр №2141 | 4246 | 05.12.2024 саат 11-00 | “Совет”МАБдын имараты | 16 | Алыкулов Г. Аскар к.Ж. Малик у.К. Миңбаев Н. Мусамбетов Б. Насирдинов Э. Токоев Б. |
14 | Бабаш-Ата №2140 | 5340 | 05.12.2024 саат | “Совет”МАБдын имараты | 19 | Алыкулов Г. Аскар к.Ж. Малик у.К. Миңбаев Н. Мусамбетов Б. Насирдинов Э. Токоев Б. |
15 | Арпачы №2428 | 2034 | 05.12.2024 саат 11-00 | “Совет”МАБдын имараты | 8 | Алыкулов Г. Аскар к.Ж. Малик у.К. Миңбаев Н. Мусамбетов Б. Насирдинов Э. Токоев Б. |
16 | Суу-Башы №2423 | 2997 | 05.12.2024 саат | “Совет”МАБдын имараты | 11 | Алыкулов Г. Аскар к.Ж. Малик у.К. Миңбаев Н. Мусамбетов Б. Насирдинов Э. Токоев Б. |
| Жалпысы: | 60404 |
|
| 200 |
|
Базар-Коргон шаардык
Кеңешинин төрагасы: К.К.Анарбеков