Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 10-декабрындагы №1
Базар-Коргон шаардык кеңештин Типтүү Регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123-Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 06.12.2024-жылдагы “Жергиликтүү кеңештердин Типтүү регламентин бекитүү жөнүндөгү” №01-25/30-Буйругунун негизинде, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын II-сессиясы токтом кылат:
1. Базар-Коргон шаардык кеңешинин Типтүү Регламенти алымча кошумчасы менен бекитилсин. (Тиркелет: Базар-Коргон шаардык кеңешинин Типтүү Регламенти.)
2. Базар-Коргон шаардык кеңештин депутаттарына жана шаардык кеңештин аппаратынын кызматкерлери кабыл алынган Типтүү Регламенттин негизинде иштөө жагы милдеттендерилсин.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын..
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага: |
К.К. Анарбеков |