Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 10-декабрындагы №3
Базар-Коргон шаарынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссия курамына депутаттарды сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123-мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243-токтомунун 21-пунктуна ылайык, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын II-сессиясы токтом кылат:
1. “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө” Типтүү Жобонун 21-пунктуна ылайык, Базар-Коргон шаардык кеңешинин төмөндөгү депутаттары Базар-Коргон шаарынын мэриясы тарабынан түзүлүп жаткан Жер комиссиясына кирүүгө төмөнкү депутаттар сунушталсын.
а) Базаркулова Гулмира Каримовна
б) Мажиев Нурсейит Тойчубекович
в) Абдисаматова Рахима Якяжановна
г) Хусанбаев Хайбатулла Рахматиллаевич
д) Закиров Илясбек Куламсадыкович
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Т.О.Осмоновго милдеттендирилсин.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары М.А.Урмаматовго милдеттендирилсин.
Төрага: |
К.К. Анарбеков |