Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 14-январы №1
Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 30-июнундагы “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” №62 мыйзамына ылайык, Базар-Коргон шаарынын мэри Т. Осмоновдун 25.12.2024-жылкы чыгыш 01-17/2542 сандуу катына жана «Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо,регламент жана депутаттык этика» боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын кезексиз III-сессиясы токтом кылат:
1. Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкү көрсөтүлгөн тургундар сунушталсын:
1. Абдуллаев Тахиржон Гапуржанович
2. Шадыканова Нуржан Капаровна
3. Рахимов Бахрамжон Гуломжанович
4. Каримова Нигора Абдыманаповна
5. Көчкөнбаева Зулпия Абдиллаевна
2. Токтомдун көчүрмөсү Базар-Коргон райондук аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Н.Мадумаровго жөнөтөлсүн.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Базар-Коргон шаардык кеңешинин “Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент жана депутаттык этика” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Жалиловго милдеттендирилсин.
Төрага: |
К.К. Анарбеков |