Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 27-январы №1
Базар-Коргон шаарында мүлк салыгынын 1-Зоналык салык ставкасын бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 379, 388-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 5-беренесинин 5-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин аткарууга алып, Базар-Коргон шаарынын мэринин биринчи орун басары Ө.М. Мурзаевдин 22.01.2025-жылкы чыгыш №02-9/148 сандуу катына, Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусуна жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаты А.Жалиловдун оозеки сунушуна негиз, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын кезексиз IV-сессиясы токтом кылат:
1. Базар-Коргон шаарына Салык кодексине өзгөртүү киргендигине байланыштуу турак-жай имараттар, курулмалар жана орун жайлар үчүн, 1-Зона салык ставкасы 1 квадрат метрине 45 сомго бекитип берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэринин биринчи орун басары Ө.М. Мурзаевге жана мэриянын киреше бөлүмүнүн башчысы К.Тажибаевге жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.Базаркуловага милдеттендирилсин.
Төрага: |
К.К. Анарбеков |