Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 27-январы №2
Базар-Коргон шаарына караштуу Беш-Бадам айылынын Аткоол участкасынан энергиянын кайра жаралуучу булагы катары кубаттуулугу 200.0 MBт болгон күн энергетикалык станциясын куруу үчүн 201,17 гектар мамлекеттик менчикте турган жайыт жер аянтын «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка жерлер» категроиясына которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 2-пунктун, 25-беренесинин 1-пунктун, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34-беренесинин 1-пунктун, Кыргыз Республикасынын “Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө” мыйзамынын 9-беренесинин 5,9-пунктарын, Кыргыз Республикасынын 15.07.2013-жылдагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” №145 Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 23.03.2023-жылдагы “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн багытталган жерлерди берүү маселелери жөнүндө” №62 жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.03.2014-жылдагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу Жобону бекитүү тууралуу” №169 токтомуна ылайык, Базар-Коргон шаарынын вице мэри М.Ө.Мурзаевдин 22.01.2025-жылкы чыгыш №01-17/147 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл чарба, муниципиалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын кезексиз IV-сессиясы токтом кылат:
1. Базар-Коргон шаарына караштуу Беш-Бадам айылынын Аткоол участкасынан энергиянын кайра жаралуучу булагы катары кубаттуулугу 200.0 MBт болгон күн энергетикалык станциясын куруу үчүн 201,17 гектар мамлекеттик менчикте турган жайыт жер аянтын «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка жерлер» категроиясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Базар-Коргон шаарына караштуу Беш-Бадам айылынын Аткоол участкасынан энергиянын кайра жаралуучу булагы катары кубаттуулугу 200.0 MBт болгон күн энергетикалык станциясын куруу үчүн 201,17 гектар мамлекеттик менчикте турган жайыт жер аянтын «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка жерлер» категроиясына которууга (трансформациялоо) макулдук берүү боюнча кабыл алынган токтомдун негизинде райондук комиссия менен биргеликте иш алып баруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэринин биринчи орун басары Ө.Мурзаевге милдеттендирилсин.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С. Тохтасиновго милдеттендирилсин.
Төрага: |
К.К. Анарбеков |