Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 17-апрели № 209
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 408 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын тартипке келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 408 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“4. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жетекчисине Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана региондук органдарынын кызматкерлерине, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналына Кыргыз Республикасынын Социалдык фондун өнүктүрүү фондунун каражаттарынан ай сайын дем берүүчү төлөмдөрдү жана бир айлык эмгек акы фондунан ашпаган өлчөмдө сыйлыктарды, транспорттук чыгымдар үчүн 2000 сом өлчөмүндө (нөөмөттүк автомобиль бекитилип берилген кызматкерлерди кошпогондо) жана тамак-аш үчүн 5000 сом өлчөмүндө ай сайын компенсациялык төлөмдөрдү жүргүзүү, ошондой эле бир жолку сый акыларды төлөө жана материалдык жардам көрсөтүү укугу берилсин.”.
2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 12-мартынан тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 29 (3685) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |