Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 17-апрели № 213
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын шайкеш келтирүү, ошондой эле биологиялык ар түрдүүлүктү колдоо, өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин сактоо жана сарамжалдуу пайдалануу максатында, "Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8, 21-статьяларына, "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 263 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жөнүндө жободо:
- 10-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"- өзүнүн компетенциясынын чегинде географиялык маалыматтык системаларды түзүү, киргизүү жана жүргүзүү;
- өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринин тышкы чектерин белгилөө.";
- 11-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- анча баалуу эмес айыл чарба жерлерин кыйла баалуу жерлерге, айыл чарба жерлеринин бирдей баалуу түрлөрүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясында бир түрдөн экинчисине которууну (трансформациялоону) кошпогондо, жерди бир категориядан башкасына которууда которулуучу (трансформациялануучу) жер участогунун ылайыктуулугуна корутунду берет;".
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы № 53 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жободо:
- 10-пункттун 4-пунктчасынын алтынчы абзацы "натуралай (жеринде) бөлүү," деген сөздөрдөн кийин "өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринен тышкары" деген сөздөр менен толукталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы № 270 "Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн айрым түрлөрүн пайдаланууга убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын аймагында өсүмдүктөрдүн төмөнкү түрлөрүн: макротомия (Macrotomia DC), арнебия (Arnebia Forssk), ясенец (Dictamnus L), аконит (Aconitum L), афлатун пиязы (Allium aflatunense B.Fedtsch), родиола (Rhodiola L), самарканд өчпөс гүлү (Helichrysum maracandicum), Ольга жөө желими (Lindelofia olgae), узун мамычалуу жөө желим (Lindelofia macrostyla (Bunge), мамычалуу жөө желим (Lindelofia stylosa), Чимган жөө желими (Lindelofia tschimganica) ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого, жапайы өскөн дары-дармек, техникалык, тамак-аш өсүмдүк сырьесун даярдоого 2027-жылдын 1-январына чейин убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизилсин.".
4. Бул токтомду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги үчүн бекитилген штаттык сандын жана тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде ишке ашырылат деп белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги:
1) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
2) бул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 30 (3686) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |