Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 7-апрели № 181
Санариптештирүү, калкты каттоо жана документтештирүү
маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым
чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760, 2026-жылдын 8-июлундагы № 469 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 25-октябрындагы № 304 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-июлундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспортторунун жобосун, сүрөттөмөсүн жана үлгүсүн бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспорттору жөнүндө жободо:
- 1-пунктта:
4-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) аймактык бөлүмдөр - Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортун тариздөөгө документтерди кабыл алууну жана аны берүүнү, ошондой эле ыйгарым укуктуу орган тарабынан көрсөтүлүүчү башка кызматтарды жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органынын ведомстволук мекемесинин аймактык бөлүмдөрү;";
5-пунктчада "аткаруу бийлигинин" деген сөздөр алып салынсын;
8-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8) жекелештирүү борбору - калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук мекемесинин карамагында турган, Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортун жекелештирүүнү (мындан ары - жекелештирүү) жүргүзгөн жекелештирүү борбору;";
- 19-24-пункттарында түрдүү жөндөмөдөгү "КТБ" деген аббревиатура тийиштүү жөндөмөдө "аймактык бөлүм" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 25-пунктта "даярдоочу ишканага" деген сөздөр "жекелештирүү борборуна" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 26-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"26. Дипломаттык же кызматтык паспортту жекелештирүү электрондук арыз түшкөн күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндөн кечиктирбестен жекелештирүү борбору тарабынан жүргүзүлөт.
Жекелештирүү борбору даяр болгон дипломаттык же кызматтык паспортторду почта байланышы аркылуу консулдук кызматка жиберет.";
- 27-пунктта "Даярдалган" деген сөз "Жекелештирилген" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 32-пунктта "даярдалган" деген сөз "жекелештирилген" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 44, 46-пункттарда "бөлүмүнө" деген сөздөр "мекемесине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Жобонун 5-тиркемесинде "Калкты тейлөө борбору" деген сөздөр "аймактык бөлүмү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 "Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуунун автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуунун автоматташтырылган маалыматтык тутум жөнүндө жободо:
- 2-пунктта "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинде (мындан ары - Департамент)" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинде (мындан ары - Мамлекеттик мекеме)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Жарандык абалдын актыларын жазуунун автоматташтырылган маалыматтык тутумун коштоо жана өнүктүрүү белгиленген тартипте Мамлекеттик мекеме тарабынан жүргүзүлөт.";
- 3, 6, 9, 10, 11, 13, 19, 20, 22 жана 25-пункттарда түрдүү жөндөмөдөгү "Департамент" деген сөз тийиштүү жөндөмөдө "Мамлекеттик мекеме" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-декабрындагы № 689 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо тартибинде:
- расмий тилдеги текстте 4-пункттун экинчи абзацында "межрегиональных" деген сөз "территориальных" деген сөзгө алмаштырылсын.
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-июлундагы № 469 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 332 "Евразия экономикалык бирлигинин интеграцияланган маалыматтык системасындагы Кыргыз Республикасынын улуттук сегментинин тапшырыкчысы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 3-пунктта "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-декабрындагы № 716 "Жазык-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринде жаза өтөп жаткан адамдарга, шектүү жана айыпталуучу катары камакка алынган жерлерде кармалган адамдарга Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасын - паспортун (ID-карта) тариздөөгө жана берүүгө документтерди кабыл алуу регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жазык-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринде жаза өтөп жаткан адамдарга, шектүү жана айыпталуучу катары камакка алынган жерлерде кармалган адамдарга Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасын - паспортун (ID-карта) тариздөөгө жана берүүгө документтерди кабыл алуу регламентинде:
- 2-пунктта:
7-пунктчада "аткаруу бийлигинин" деген сөздөр алып салынсын;
9-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9) жекелештирүү борбору - калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук мекемесинин карамагында турган, 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту жана жалпы жарандык паспортту жекелештирүүнү жүргүзгөн жекелештирүү борбору;";
10-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
11-пунктчада "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы (мындан ары - ЖАК)" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы (мындан ары - ЖАМК)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12-пунктчада:
", КТБнын" деген сөздөр алып салынсын;
"ЖАКнын" деген аббревиатура "ЖАМКтын" деген аббревиатурага алмаштырылсын;
- 3, 7-пункттарда "жана КТБнын" деген сөздөр алып салынсын;
- 5, 27-пункттарда "жана/же КТБнын" деген сөздөр алып салынсын;
- 13-пунктта ", КТБнын", "жана КТБнын" деген сөздөр алып салынсын;
- 15, 16-пункттарда "КТБнын кызматкерлери менен бирдикте" деген сөздөр алып салынсын;
- 17-пунктта "даярдоочу ишкананын" деген сөздөр "жекелештирүү борборунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Регламенттин 4-тиркемесинде "жана КТБнын", ", КТБ" деген сөздөр алып салынсын.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы № 526 "Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы" автоматташтырылган маалымат системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы" автоматташтырылган маалымат системасы жөнүндө жободо:
- 3-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"ЭДМС" АМСтин оператору - "ЭДМС" АМСти эксплуатациялоону, анын техникалык жана программалык коштоону ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси;".
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 26-ноябрындагы № 579 "Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктүн бланкынын сүрөттөлүшүн бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк жөнүндө жободо:
- 17, 18 жана 23-пункттарда "ведомстволук" деген сөздөр алып салынсын.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 17-мартындагы № 98 "Жарандык жана үй-бүлөлүк иштер боюнча өз ара укуктук жардам маселелери жөнүндө эл аралык келишимдердин алкагында түздөн-түз өз ара аракеттенүүнү ишке ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды аныктоо тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункттун экинчи абзацында "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси" деген сөздөргө алмаштырылсын.
11. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-октябрындагы № 203 "Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештердин укуктук абалынын маселелерин жөнгө салуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун берүү, алмаштыруу, токтотуу жана андан ажыратуу тартиби жөнүндө жободо:
- 2-пунктта:
5-пунктчада "аткаруу бийлигинин" деген сөздөр алып салынсын;
6-пунктчада "ведомстволук бөлүгү" деген сөздөр "ведомстволук мекемеси" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) аймактык бөлүмдөр - Мекен-картты жекелештирүү жана берүү үчүн документтерди кабыл алуу жана тариздөө ишин жүргүзгөн калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук мекемесинин аймактык бөлүмдөрү;";
8-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
9-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9) жекелештирүү борбору - Мекен-картты жекелештирүүнү жүргүзгөн калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук мекемесинин карамагында турган жекелештирүү борбору;";
- 5-пунктта "же КТБ" деген сөздөр алып салынсын;
- 9,10,16,17,18,19, 23 жана 29-пункттарда ", КТБ" деген сөздөр алып салынсын;
- 11-пунктта:
", КТБнын" деген сөздөр алып салынсын;
"даярдоого" деген сөз "жекелештирүүгө" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 12-пунктта "даярдоого" деген сөз "жекелештирүүгө" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 22-пунктта:
"даярдоочу ишканага" жана "Даярдоочу ишкана" деген сөздөр тийиштүү түрдө "жекелештирүү борборуна" жана "Жекелештирүү борбору" деген сөздөргө алмаштырылсын;
түрдүү жөндөмөдөгү "даярдоо" деген сөз тийиштүү жөндөмөдө "жекелештирүү" деген сөзгө алмаштырылсын;
", КТБ" деген сөздөр алып салынсын;
"чыгарат" деген сөз "жекелештирет" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 24-пунктта:
"даярдалгандан" деген сөз "жекелештирилгенден" деген сөзгө алмаштырылсын;
", КТБ" деген сөздөр алып салынсын;
- 25-пунктта:
"жана/же КТБ" деген сөздөр алып салынсын;
"даярдалса" деген сөз "жекелештирилсе" деген сөзгө алмаштырылсын;
"даярдоочу" деген сөз алып салынсын;
- 28-пунктта:
"же КТБ", ", КТБ" деген сөздөр алып салынсын;
түрдүү жөндөмөдөгү "даярдоо" деген сөз тийиштүү жөндөмөдө "жекелештирүү" деген сөзгө алмаштырылсын;
"даярдоочу ишканага" жана "Даярдоочу ишкана" деген сөздөр тийиштүү түрдө "жекелештирүү борборуна" жана "Жекелештирүү борбору" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 31-пунктта "жана/же КТБ" деген сөздөр алып салынсын;
- 32-пунктта:
"даярдалган" деген сөз "жекелештирилген" деген сөзгө алмаштырылсын;
"жана/же КТБ" деген сөздөр алып салынсын;
"ведомстволук бөлүккө" деген сөздөр "ведомстволук мекемеге" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 33-пунктта түрдүү жөндөмөдөгү "ведомстволук бөлүк" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "ведомстволук мекеме" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 34-пунктта "жана/же КТБ" деген сөздөр алып салынсын.
12. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
13 | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги | 759 | 366 |
| анын ичинде: |
|
|
| борбордук аппарат | 125 | 28 |
| ведомстволук бөлүмдөр | 634 | 338 |
".
13. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 120 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында адам ресурстарын башкаруунун автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында адам ресурстарын башкаруунун автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө жободо:
- 4-пунктта "электрондук башкаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси" деген сөздөргө алмаштырылсын.
14. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 2-сентябрындагы № 481 "Санарип аймак" автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пунктта "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 5-пунктта "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Санарип аймак" автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө жободо:
- 4-пункттун 7-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) "Санарип аймак" АМСтин оператору - аны мамлекеттик органдардын тиешелүү маалыматтык системалары жана маалымат базалары менен интеграциялоону жана техникалык коштоону жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси;";
- 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. "Санарип аймак" АМСтин оператору "Санарип аймак" АМСти техникалык эксплуатациялоону, тейлөөнү жана өнүктүрүүнү жүзөгө ашырат.".
15. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 725 "Биометрикалык маалыматтар чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын карамагындагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтар базасынын техникалык оператору болуп аныкталсын.";
2) 3-пунктта "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык маалыматтар базасы аркылуу идентификациялоо жана аутентификациялоо тартибинде:
- 5-пунктта "мамлекеттик ишкана" деген сөздөр "мамлекеттик мекеме" деген сөздөргө алмаштырылсын.
16. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 167 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун айрым типтерин киргизүү маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пунктта "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 7-пунктта "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген ID-картага жана жалпы жарандык паспортко документтерди кабыл алуу, тариздөө, жекелештирүү, эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускамада:
- 2-пунктта:
2-пунктчада "жана/же Калкты тейлөө борборунун" деген сөздөр алып салынсын;
7, 10-пунктчаларда түрдүү жөндөмөдөгү "ведомстволук бөлүм" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "ведомстволук мекеме" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9) жекелештирүү борбору - калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук мекемесинин карамагында турган, ID-картаны жана жалпы жарандык паспортту жекелештирүүнү ишке ашырган жекелештирүү борбору;";
11-пунктчада "аткаруу бийлигинин" деген сөздөр алып салынсын;
13-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
- 4, 6, 7, 8, 18, 24, 36, 37, 42 жана 46-пункттарда түрдүү жөндөмөдөгү "жана/же КТБ" деген сөздөр алып салынсын;
- 17-пунктта:
"ведомстволук бөлүмгө" деген сөздөр "ведомстволук мекемеге" деген сөздөргө алмаштырылсын;
"же КТБларга" деген сөздөр алып салынсын;
- 38-пункттун биринчи абзацында КТБнын" деген аббревиатура жана "жана/же КТБнын" деген сөздөр алып салынсын;
- 40-пунктта:
"даярдоочу ишканага" деген сөздөр "жекелештирүү борборуна" деген сөздөргө алмаштырылсын;
"жана/же КТБга" деген сөздөр алып салынсын;
- 41-пунктта "Даярдоочу ишкана" деген сөздөр "Жекелештирүү борбору" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 48-пунктта:
"даярдоочу ишканага" деген сөздөр "жекелештирүү борборуна" деген сөздөргө алмаштырылсын;
түрдүү жөндөмөдөгү "жана/же КТБ" деген сөздөр алып салынсын;
- 49-пунктта:
түрдүү жөндөмөдөгү "жана/же КТБ" деген сөздөр алып салынсын;
"ведомстволук бөлүмгө" деген сөздөр "ведомстволук мекемеге" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 51, 55 жана 56-пункттарда түрдүү жөндөмөдөгү "ведомстволук бөлүм" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "ведомстволук мекеме" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 58-пунктта "же КТБнын" деген сөздөр алып салынсын.
17. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 "Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестринде:
- 4-главанын 16-42-пункттарында "СӨМ" деген аббревиатура "КРПИБ" деген аббревиатурага алмаштырылсын;
- 6-главанын 33-35-пункттарында "СӨМ" деген аббревиатура "КРПИБ" деген аббревиатурага алмаштырылсын.
18. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 435 "Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жери жана барган жери боюнча каттоо жана каттоо эсебинен чыгаруу эрежелери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пунктта "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жери жана барган жери боюнча каттоо жана каттоо эсебинен чыгаруу эрежелери жөнүндө жободо:
- 2-пунктта:
түрдүү жөндөмөдөгү "ведомстволук бөлүм" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "ведомстволук мекеме" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12) ыйгарым укуктуу орган - калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу функциясын аткарган мамлекеттик орган;".
19. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 437 "Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүү маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пунктта "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында жашап турууга уруксатты тариздөө жана берүү тартиби жөнүндө жободо:
- 1, 33, 35, 36, 41, 53 жана 54-пункттарда түрдүү жөндөмөдөгү "ведомстволук бөлүм" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "ведомстволук мекеме" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-пунктта:
түрдүү жөндөмөдөгү "ведомстволук бөлүм" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "ведомстволук мекеме" деген сөздөргө алмаштырылсын;
"иштеп чыгуучу жана" деген сөздөр алып салынсын;
- 47-пункт "Ведомстволук" деген сөздөн кийин "мекеме" деген сөз менен толукталсын;
- 55-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"55. Кабыл алынган чечим жөнүндө чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга ведомстволук мекеме тарабынан үч жумуш күндүн ичинде жашап турууга уруксатты аймактык бөлүмгө же ведомстволук мекемеге тапшыруунун зарылдыгы тууралуу кабарлоо жөнөтүлөт.".
20. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы менен бирдикте белгиленген тартипте:
1) Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын материалдык-техникалык каражаттарын, жабдууларын жана башка мүлкүн өткөрүп берүү жол-жобосун жүргүзүү үчүн комиссия түзсүн;
2) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
21. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментин жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруу процессинде алардын өткөрүп берүү актысын бекитсин.
22. Ушул токтомду ишке ашыруу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары үчүн бекитилген штаттык сандын жана республикалык бюджеттен тийиштүү жылга жана кийинки жылдарга каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт деп белгиленсин.
23. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
24. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
25. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 8-апрелиндеги № 26 (3682) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |