Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 12-февралы № 4-2
Көк-Жар айыл аймагындагы Ош-Раззаков эл аралык маанидеги авто жолунун кызыл сызыгында жайгашкан имараттарды жана тосмолорду жылдырууга макулдук берүү тууралуу
Көк-Жар айыл аймагындагы Ош-Раззаков эл аралык маанидеги авто жолун реконструкциялоо иштери башталгандыгына байланыштуу, кызыл сызыкта жайгашкан тосмолорду жана имараттарды жылдырууга макулдук берүү максатында, жер, айыл чарба, суу, жайыт, жаратылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, “Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Көк-Жар айыл аймагындагы Ош-Раззаков эл аралык маанидеги авто жолунун боюнда жайгашкан имараттарды жана тосмолорду жылдырууга макулдук берилсин.
2.Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жер, айыл чарба, суу, жайыт, жаратылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р. Арапов |