Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 12-февралы № 4-3
Ош-Раззаков авто жолун ремонттоодогу чыгарылган таштандыларды төгүүчү жана шагал алынуучу жайларга макулдук берүү жөнүндө
Он Эки Бел айылындагы № 979 контурундагы сайга, таштанды полигонунун жолуна №263, 262 контурунда жана Жийде айылынын үлүш жолуна № 1759-1713 контурда жайгашкан Ош-Раззаков авто жолунун кырылган асфальт калдыктарын (отвал) төгүүгө жана шагал төшөө үчүн (трамбовка) шагал карьерине, Жийде айылынын №1330-1261 контурунан, Абшыр-Сай көпүрөөсүнүн түндүк тарабында жайгашкан суу чогулуучу жайдан (дамбанын ичи) алууга макулдук берүү максатында, “Жер, айыл чарба, суу, жайыт, жаратылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, “Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Он Эки Бел айылындагы № 979 контурундагы сайга, таштанды полигонунун жолуна №263, 262 контурунда жана Жийде айылынын үлүш жолуна № 1759-1713 контурда жайгашкан Ош-Раззаков авто жолунун кырылган асфальт калдыктарын (отвал) төгүүгө макулдук берилсин.
2. Шагал төшөө үчүн (трамбовка) шагал карьерине, Жийде айылынын №1330-1261 контурунан, Абшыр-Сай көпүрөөсүнүн түндүк тарабында жайгашкан суу чогулуучу жайдан (дамбанын ичи) алууга макулдук берилсин.
3.Тиешелүү мекеме-ишканалардан корутунду алуу жана токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер, айыл чарба, суу, жайыт, жаратылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р. Арапов |